Пионер уюмуна, Ленинге каршы чыккандар – кем акылдар!


Эрксизден баш чайкайсың! Пионер уюмдары 100 жылдык мааракесин белгилеп жатышса, чала окумуштуу, чала саясатчылар нааразы болуп чыгышты. Кем акылдар! Аскар Акаев социализмди талкалап, курган демократиялык коомдо балдарды, жаштарды тарбиялаган уюму болбосо, тескерисинче, казынаны уурдаган, жеген модага айланган заманда өспүрүмдөрдү өстүргөн шартта мааракеси болуп жатса, ага чычалап, ыргыштоо керек беле? Бул саясатчылардын ата-бабаларын ак падышанын аскерлери кырып, кууганда Кытайга кире качкандарын унутуп койдубу? Улуу Лениндин идеясы, ишмердүүлүгү менен 1917-жылы ишке ашкан Октябрь революциясы болбосо, алар Кытайда төрөлүшөт беле, ким билет? Кеңеш бийлиги орногондон кийин ошо үркүп кеткен элди алып келген СССР бийлиги эмеспи. Лениндин эстелигинин коюлушуна таңгалып, “бул эмне деген шумдук!” деп мурдун чүйрүп, так секиргенди коюп, ошол тарыхты сыйлаган карапайым элге ырахмат айтып, уяты болсо ата-бабаларынын арбагын сыйлашса, Лениндин эстелигине барып гүлчамбар коюшпайбы? Кысталактар!
"Азия Ньюс" гезити











