Жашоодо ар дайым нота керек

-- Бах жаш курагындагы кызынан айрылып, андан кийин үч уулун жана аялы Мария-Барбараны жоготконун билесиңби?
-- Жок.
-- Анан ал экинчи аялы Анна-Магдалена менен дагы төрт кызынан жана үч уулунан ажыраган. Он бир сүйүктүү баласы... Көптөгөн изилдөөчүлөр суроо беришкен: Бах бул жоготууларды кандайча көтөрө алды? Эмне үчүн бул жоготуулардан соң, анын жүрөгү согууну токтоткон жок? Эң негизгиси, ал кантип дүйнө эли уккан эң сулуу музыкаларды жаза берди? Сен билесиңби, ал кантип чыдады?
-- Кантип?
-- Нота артынан нота...
Жашоодо ар дайым нота керек. Ар кандай жоготуудан кийинки эң биринчи нота. Жымжырттыктын ичиндеги эң катуу нота. Жүрөктөн чыккан эң чыныгы нота. Бир нотадан обон башталат. Бир кадамдан жол башталат. Бир ойлонуу туура чечимге жана туура тандоого жетелейт. Тандоо ар дайым адамдын өзүндө. Үн чыгаруу же унчукпай калуу...
"Азия Ньюс" гезити