Акыркы кабарлар
» Коом » Илон Масктын байлыгы 700 миллиард доллардан ашты
Илон Масктын байлыгы 700 миллиард доллардан ашты
22-декабрь, 23:32


Forbes журналынын акыркы эсеби боюнча, Илон Масктын байлыгы 749 миллиард долларга жеткен.
Анын байлыгы бир жумага жетпеген убакытта 100 миллиард доллардан ашык көбөйдү. Декабрдын ортосунда эле ал тарыхта байлыгы 600 миллиард доллардан өткөн биринчи адам болгону айтылган.
Америкалык ишкердин SpaceX компаниясынын рыноктук баасы август айында 400 миллиард доллардан декабрда 800 миллиард долларга чейин көтөрүлгөн. Мындай ийгиликтүү жүрүш Масктын 42 пайыз ээлик кылган таза байлыгын бир топ жогорулатты.
Экинчи орунда 400 миллиард доллар менен Oracle компаниясынын башкы директору Ларри Эллисон турат.











