Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, ЖК депутаты: “20-декабрда партиянын съезди болот, Бабанов баарын айтат...”

Мирлан ЖЭЭНЧОРОЕВ, ЖК депутаты: “20-декабрда партиянын съезди болот, Бабанов баарын айтат...”

19-декабрь, 08:38
591 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өмүрбек Бабанов негиздеген “Республика партиясынын съезди 20-декабрга белгиленди. Коомчулукта съездде партиянын жаңы лидери шайланышы мүмкүндүгү, Бабанов лидерликти башкага өткөрүп берери айтылып жатат. Алтургай Бабановдун ордун ээлечү кишилердин да аттары аталууда. Алар: Мирлан Жээнчороев жана Кенжебек Бокоев. Бирок, Жээнчороев съездде каралчу маселелер али белгисиз экенин айтууда. Өзү лидер болуш же болбошунан да кабарсыз экен.

-- Мирлан мырза, “Республика” партиясынын съезди өтө турган күн белгилүү болду. Ал съездде жаңы лидер шайлана турганы, “лидер болушу мүмкүн” делип сиздин атыңыз аталууда?.. 

-- Ооба, съезд дайындалды. 20-декабрда, жума күнү өтөт. Ушу тапта делегаттар такталууда. Ал эми съезддин күн тартиби азыркыга чейин аныкталып жатат. Лидер шайлоо жана башка маселелердин баары съезддин маалында айтылат. Партиянын негиздөөчүсү, лидери да Бабанов Өмүрбек Токтогулович. Ал өзү съездде баарын айтат. Имиштерди тактоо азыр мүмкүн эмес.

-- Фракциядагы “атажуртчу” депутаттардын баары “Республикага” өтүп кеткени айтылууда. Канчалык чындыгы бар?

-- “Република” партиясы 2010-жылы негизделген. Активдүү мүчөлөрү бар. Алардын баары делегат катары съездде келип катышышат. Ал эми депутатпы, ким болбосун, кайсы партияга барарын өзү чечет.

-- Сиз партиянын лидери болуп калышыңыз мүмкүнбү?

-- Кечээтен бери ар кандай маалыматтар айтылууда. Бирок, мен лидер болушумду же болбошумду билбейм.

-- Демек, “съездде Бабанов партиядан кетет” дегенге ишенсек болобу? Катчылыктан ушундай маалымат айтылганын айрым сайттар жазышты...

-- Катчылыктын партияга эч кандай тийешеси жок. Фракциядагы катчылык – бул “Республика – Ата Журт” фракциясынын катчылыгы. Эгерде катчылыктан бирөө-жарым ушундай маалымат айткан болсо, ал адам чагым маалымат таратып жатат. 

-- Андай болсо, съездде эмне маселелер каралат?

-- Мена айттым го, күн тартиби аныкталууда, азырынча белгисиз.

-- “Бабанов партияны тарттырып ийди” деп дагы интернетте тарап жатат. Андай эмеспи? 

-- Бул дагы төгүн маалымат. Партиянын миңдеген мүчөлөрү бар. Ошончо кишинин ишенимин Бабанов лидер болуп туруп, актап келди. Партиянын мындан кийинки жолун да делегаттардын, саясый кеңештин чечими аныктайт.

-- Фракция лидери дагы алмамышышы мүмкүнбү?

-- Бүгүнкү күндө мындай маселе күн тартибинде жок. Бирок, лидерди алмаштырууга мыйзам жол берет.

-- 2020-жылкы шайлоого “Республика” жалгыз барабы?

-- Бул маселе дагы съездде айтылат.

-- “Бабанов саясаттан кеттим” дегени дагы деле күчүндөбү?

-- Күчүндө. Ал айтканын Өмүрбек Токтогулович өзү да тастыктап жатат.


Динар ТУРДУГУЛОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер