Акыркы кабарлар
» Коом » Тынар Курбаналиев устаты Рахман Разыковду ыйлап эскерди
Тынар Курбаналиев устаты Рахман Разыковду ыйлап эскерди
07-июнь, 17:38
1 345 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү куудул, сатирик Рахман Разыков 6-июндан 7сине караган түнү дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын билдиришинче, ал пневмония болуп ооруканада жаткан.
Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Таширов колхозунда, азыркы Савай айылында туулган.
Анын шакирттеринин бири куудул Тынар Курбаналиев устатын эскерип, анын менен болгон кызыктуу күндөрдү айтып берди.
Куудул «Таң жылдызы» “Бешилик”, “Беш кемпир», “Беш тапан” сыяктуу бир канча топторду негиздеген. Сатирадан тышкары ыр дагы жазганы белгилүү.
Разыков чыгармачылыктан тышкары саясый көз карашын да активдүү билдирип турган. Ал катышкан “Ар бир айдын алтысы”, “Ортодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан?” сыяктуу концерттерде бийликтеги адамдар тамашага салынып, сындалчу.
Разыков ушул жылдын январь айында “Ордодо турса үч пахан, оңолмок элек биз качан?” аттуу концертине бийлик бут тосуп, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аларды суракка чакырганын билдирип чыккан.