Акыркы кабарлар
» Коом » Орусияда сутка ичинде 6 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды
Орусияда сутка ичинде 6 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды
25-сентябрь, 13:01
459 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 6 миң 595 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 149 адам каза болсо, 6 миң 130 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1050 (айыккандар 1304);
Москва облусунда - 205 (айыккандар 169);
Санкт-Петербург - 215 (айыккандар 110)
Ростов облусунда - 189 (айыккандар 144) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 128 миң 836 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 19 миң 948 адам каза болсо, 929 миң 829 бейтап айыгып чыкты.