Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзаданын өлүмүн саясатка байлап, министрди шантаж кылгандар жазасын алышабы?

Айзаданын өлүмүн саясатка байлап, министрди шантаж кылгандар жазасын алышабы?

22-апрель, 14:09
576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Карапайым калктын калың катмарына байкалбашы мүмкүн. Бирок бизге ачык эле көрүнүп турат. Дегенибиз, Айзаданын өлүмүн саясатка айлантып, министр Улан Ниязбековду шантаж кылгандай жарандык коом көтөрүлүп, активисттердин, бейөкмөтчүлөрдүн ультиматум койгону оркоюп калды. Булардын артында АКШ департаменти, элчилиги турганы жалганбы? Кичине илинчек болгон жерден чыр салууга, өлкөдөгү туруктуулукту бузууга, жалпы хаосту эңсөө менен бараткандарга кандай чара колдонуу керек? Мындай бузукулук иштерди уюштургандарды камоо зарыл. Митингге, пикетке чыгуунун көйгөйү, муктаждыгы болот. Бул жерде кеп башка. Аныгында, Айзаданын өлүмү боюнча Бишкек ШИИБ башчысы Бакыт Матмусаев менен орун басарлары, Биринчи Май РИИБнин начальниги Казакеев, баш-аягы 44 милиция кызматкери жазаланды. Министр коомдук пикир менен эсептешип, ушунчалык чегинүүгө барып, шалаакылык кылган жетекчилерди кызматтык иликтөөнүн натыйжасында мыйзамга ылайык энчисин берди. Улан Ниязбеков ошондогу каргашалуу окуяда Тажикстанда командировкада жүргөн. Кызыгы, кыйкым издегендерге канчалык гумандуу, дипломат болгон сайын башка чыга башташты. Эми Американын “шпиондорун” жазалап, четинен камакка алуулар башталса тартип орнойт го?.. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер