Акыркы кабарлар
» Саясат » Бакыт Жетигеновдун саясатта жылдызы жанары болжонууда
Бакыт Жетигеновдун саясатта жылдызы жанары болжонууда
25-март, 10:48
883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Коомчулуктагы кыраакы көз караштан алганда, экс-депутат Бакыт Жетигенов Чүйдөгү таасирдүү фигура катары бааланып атканы ырас. Аймактагы бир топ саясатчылар жыдып калышканы белгилүү. Аттарын атоонун зарылчылыгы деле жок. Мындай шартта Бакыт Жетигеновдун артыкчылыктары кандай? Анын электораты бар, өзү сөзүнө турган, жигитчилик сапатты жогору койгону менен өзгөчө. Дайыма элдин таламын талашып келгени анык. Эки ирет парламент депутаты катары ийгиликтүү иштеген. Былтыркы шайлоо астында “саясый күчтөрдү тазалоо” таризиндеги капшапка кабылып, негизсиз камалып чыкканы айтылууда. Саясатта Бакыт Жетигеновдун жылдызы жанары болжонгону бекеринен эмес го. Себеби, колдогон катмары бар экени барган сайын байкалууда.
"Азия Ньюс" гезити