Канадага агылган акчалар

2021-жылдын январь-март айларында Кыргызстандан чыккан чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16%га көбөйүп, 479.1 млн. долларды түзгөн. Мындай маалымат улуттук статистикалык комитет тарабынан жарыяланган.
Ошол эле учурда, өлкөдөн чыккан чет элдик инвестициялар республикага тартылган инвестициянын деңгээлинен 367 млн. долларга ашып түштү. Экономист.кg кабарлагандай, январь-март айларында түздөн-түз келген чет элдик инвестициялардын агымы 112.1 млн. долларды гана түзгөн.
Кыргызстандан чыккан инвестициянын эң чоң үлүшү – Канадага (68%), Кытайга (20%) жана Түркияга (1.7%) туура келет.
Чет өлкөгө кеткен инвестициялардын негизги агымы (болжол менен 94%) өндүрүш ишканаларынан, геологиялык чалгындоодон жана тоо-кендеринен байкалган. Ошол эле учурда өндүрүш ишканаларынан чыккан инвестициялардын агымы 12 эсе көбөйсө, геологиялык чалгындоо тармагынан, тескерисинче, 6.5 эсеге, ал эми тоо-кен өндүрүшүндө 4.5 эсе азайган.
"Азия Ньюс" гезити