Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Акаевге көңүл айтса эле Бакиевдин күнөөлөрү кечирилип калабы?

Акаевге көңүл айтса эле Бакиевдин күнөөлөрү кечирилип калабы?

07-февраль, 23:28
1 091 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

7-апрелдеги кандуу төңкөрүштөн кийин Курманбек Бакиев Кыргызстандын түштүк регионуна барып, саясый күч топтоп, кагылыш жаратууга аракет жасаса да, кеменгер элибиз чагымчылыкка алдырган эмес. Бакиевди үй-бүлөсү менен кубалап чыккан... Эми болсо Минскиде жатып алып, Аскар Акаевдин уулу Айдардын каза болгонуна көңүл айтыптыр. Анын мындай кадамына көпчүлүктүн кыжырданганы соцтармактардан байкалды.

Эске салсак, Бакиев 2005-жылы төңкөрүш жасоонун башында туруп, бийликти күч менен тартып алган. Гумандуу, илимпоз Акаев кан төгүүгө каршы болуп, качып кетүүгө аргасыз болгон да.

Бийликти чеңгелдеген Бакиев алгачкы жылдары жакшы иштеп баштаганы менен көпкө узабай ою бузулуп, “эки тизген бир чылбырды” Максим, Жаныштарга бөлүштүрүп берген эй! Анан көргөнбүз, элдин канын соруу үчүн тарифтерди көтөрүшүп, мамлекеттин байлыктарын майкандашып, чындыкты айткан саясатчыларды, журналисттерди ачык эле куугунтукка алышкан. Камакка алуудан сырткары Медет Садыркуловду, Геннадий Павлюкту аеосуз кыйнап өлтүрүшүп, Сыргак Абдылдаевди чала жан кыла бычактап салышкан. Ошол кандуу доордо бир топ депутаттар, спортсмендер буйрутма өлтүрүүлөргө кабылышкан болчу...

Адилетсиздикке чыдабаган эл 7-апрелде түп көтөрүлө бийликке каршылык көрсөтүшкөндө, Бакиевдин аскерлери ок жаадырышып, бейкүнөө жигиттерди кырып салганы факт. Ошентип, кан менен бийликтен кеткен. Жакында Апрель окуясына 10 жыл толот. Тилекке каршы, Бакиевдердин үй-бүлөсү кыргыз элине жууса кеткис кара так калтырышканын моюндарына алышпай, актанышып, күнү бүгүнкүгө чейин көпчүлүктүн нервине ойноп келишет...

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер