Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда болгон митингде 3296 жаран кармалды

Россияда болгон митингде 3296 жаран кармалды

25-январь, 15:26
1 404 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Орусиянын бир катар аймагында өткөн нааразычылык акциясында 3296 жаран кармалды. Бул тууралуу саясый окуяларды мониторинг кылган «ОВД» медиа долбоору жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, эң көп жаран Москвада кармалып, алардын саны 1360ты түздү. Андан кийин Санкт-Петербургдан 523, Новосибирсктен 97, Воронежден 92, Казандан 92, Нижний Новгороддон 90 адам колго түшүрүлгөн.

Балдар акыйкатчысы Анна Кузнецованын айтымында, кармалгандардын арасында 300 өспүрүм болгон. Алар кармалгандан кийин ата-энелерине тапшырылып берилген.

Эскерте кетсек, 23-январь күнү Россиянын бир канча аймагында оппозиячыл саясатчы Алексей Навальныйдын кармалышына каршы акция өттү. Анда алар Навальныйдын бошотулушун талап кылышты.

“Марал FM”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер