Күтүүсүз кырсык: канга чыланган розалар...

Чылк бүркөлгөн асман. Булут да, күн да жок. Асель терезеге тигилип турду. Телефон шыңгырады.
--Саламатсыңбы Аселим. Бүгүн экөөбүз кыз-жигит болгонубузга бир жыл толду.
--Мен да абдан күткөн күн.
--Бүгүн да баягы жерден жолугалы. Ошол ресторанга кечибиз улансын.
--Жолугушканча анда.
--Жолугушканча.
--Бирок аба-ырайы өтө эле үтүрөйөт го. Мага анчалык жакпай турат. Балким үйдөн эле белгилейбиз.
--Бул эмне дегениң?
--Аба-ырайы өткөн жылы да ушундай болчу.
Бирок... Асель жетишпей калды трубка коюлуп, тү-үт...
Аба-ырайы бузулгандан бузула берди. Катуу шамал, бороон-чапкын, анан катуу төккөн жаан бир заматта үрөйдү учурду. Асель кайра-кайра саатын карайт. Жүрөгү опкоолжуйт. Кайра терезеге барат. Кайра телефонун кармалайт. Айтор, бир башкача болуп турду. Мына саат алты болду. Азизден дайын жок. Санаасы тынбай Асель анан чала баштады.
"Абоненттин телефону өчүрүлгөн же аймактан тышкары жерде" деп кайра-кайра ушул сөз кайталанат. Аселдин эми чындап үрөйү учту. Азизге эмне болду? Балким ишине кармалып калды. Жок, анда дайынын билдирмек. Ой артынан ойлор келе берди. Асель минтип жанын коерго жер таппай отурганда капысынан телефон шыңгырады. Азиздин номери.
--Алло Азиз!
Бейтааныш үн:
--Алло, сиз Азиздин кимиси болосуз? Сиз жакын адамы болсоңуз керек?
--Ал-ло, Азизге эмне болду? Азизге эмне болду?!
--Бул жерде кырсык болуп кетти, келип калсаңыз! Алло угуп жатасызбы?
Асель үсүл-кесил даректи эшитти. Дароо сыртка чуркап чыкты. Таксилер да чымын-куюн токтобой өтүп жатты. Алдынан тосуп жатып эптеп бир таксини токтотту. Авто кырсык болгон жерге учуп барды.
Адамдар толуп алган. Милициясы, тез жардам баары жүрөт. Жолдун ортосунда канга чыланган розалар чачылып жатат. Анан канга чыланган Азиз. Асель чыңырып барып топту жарып Азизге жүткүндү. Азиздин көкүрөгүнө башын коюп, "Азиз көзүңдү ач, көзүңдү ач!” деп ыйлап жатты. Азиз үн катты.
--Кечир жаным. Сени күттүрүп койдум. Бул гүлдөр сен үчүн болчу. Кечир мени.
Экөөнүн тең көздөрүнөн жаш куюла берди...
--Мен сенден суранам, Азиз! Мени таштаба Азиз!
--Кечир мени... Кечир менин Аселим... Асылым менин! Ыйлабачы баары жакшы болот...
Өңү кубаргандан кубарып бараткан Азиздин жаны үзүлүп кетти. Жарданган эл эс-учун жоготуп бараткан Аселди четке сүйрөп чыгышты. Тез жардам Азизди салып алып баратты. Анын кан түстөнгөн розалары гана чачылып кала берди. Чылк бүркөлгөн асман. Эки жаштын айрылуусуна ыйлагансып кара жаан төгүп жатты.
Көзүнөн жашы куйулган Асель өзүн унутуп кайдадыр, белгисиз тарапка кетип баратты. Ыйлап, шолоктоп...