Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Садыр Жапаровдун сөзүн контексттен жулуп алып, айгай сала беребизби?”


-- Саламатсызбы Сабыр байке, ак калпак майрамыңыз менен кутттуктайм! Бүгүн 5-март эмеспи. Онлайн маек кылалы, кандай дейсиз?
-- Саламатчылык, рахмат. Силердин редакциянын кыздарын да алдыда келе жаткан аялдардын эл аралык күнү 8-март майрамы менен куттуктайм!
-- Көлгө кеттиңиз да жок болдуңуз, кышта морж болуп кеткен жоксузбу?
-- Шаарга келгениме 40 жылдан ашыптыр, ошондон бери биринчи жолу быякта кыштап атабыз. Ысык суусуна түшүп, муундар калыбына келип... Оо, эми бул жактын кышы да керемет экен! Жубайым экөөбүз тең пенсияда, кылган иш, салган куш жок болгон соң, ушундай абасы таза жерде жүрбөгөндө кантебиз анан?
-- Коомдук турмушта активдүү болуп, саясый окуяларга баам салып турчу элеңиз, көрүнбөй баратасыз четтеп…
-- Ушу суроону көп укчу болдум. Пассивдешүү жаш куракка байланыштуу, мыйзам ченемдүү нерсе да, сулуу кыздардан бетер эртеден кечке соцтармактарга илине берүү эми бизге жарашпайт да, туурабы? Анан өтө маанилүү, талуу маселелер болуп калса, албетте, жөн кала албайбыз. Катышып атам андай акыйнектерге. Бирок чын, мурдагыдай “чү” дегенде эле коштоп чапмай азайды. Жаш курак эле өзү басаңдатып, жайлатып коёт экен.
-- Анда онлайн маекти уланталы. Көлдө жүрүпсүз, көлдүн тазалыгы тууралуу бир суроо: жай келсе эле “көлгө акыр-чикир таштаба, кийимчен түшпө, итиңди түшүрбө, малыңды кечирбе” деп ызы-чуу түшүп, сезон өтсө унутуп, жыл сайын ушинтип чуулдамай адатыбыз бар. Ушу боюнча кыска-нуска айта кетсеңиз? Эмнеси туура, кайсынысы калпыс?
-- Ап баракелде, сен иттей кыйын кыз экенсиң! Жайкы суроону кышта берип, аябай туура кылдың. Жайында жалпы баары чуулдап атышканда чардаган бакалардын арасындагы бир бакадай болуп, менин айтканым чынында эле эч угулбай калмак.
Көл өзү толкуп, саркындысын жээкке серпип, кирин чөгөрүп, тунуп, тазаланып турган касиетке ээ. Бул биздин эле көл эмес, көл, деңиз, мухит аттуунун баарына тийешелүү. Бирок, “аа, өзү тазаланат тура” деп тонналап саркынды, химиялык акыр-чикир төккөн болбойт. Аны көл эмес, мухит, жаратылыш көтөрө албайт. Сазга, канализациалык отстойникке айланып кетет. Бул жагынан абдан этият болуп, көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Анан “сезон келди, тренд ушу” деп эле бакырып, бири-бирине кыйын болуп кыйкыра бергендердики, ал ашыкча...
Жанагы “кийимчен, көйнөкчөн түшпө, только купальникчен калкы, итиңди түшүрбө, малыңды кечирбе” жана башка дегендердики туура эмес. Кийимчен түшө берсин. Купальник кийген жугуштуу оорулуудан ит таза. Малдардын пляжды аралап келип суу ичкени деле чанда болчу көрүнүш. “Саркынды куюлбасын, акыр-чикир таштабагыла, самын, шампунь колдонбогула” деген эле жетиштүү. Ырахмат сурооңо.
-- Ушул теманы эле уланталы анда. Жакында президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн кире беришиндеги Кызыл-Омпол кенин казуу керектигин айтып, коомчулук каршы-макул болуп бөлүнүп, ызылдап калды. Мурдагы бийлик убагында да “казуу иштерин баштайбыз” дегенде урандын экологияга тийгизе турган кесепетин айткан коомчулук көтөрүлүп, басымдуулук кылып, акыры казылбайт дегенсиген мыйзам кабыл алынып, токтогону белгилүү. Эми кайра казыла турган болуп атат. Сиз кандай дейсиз?
-- Угуп атам, көрүп атам. Үч жыл мурунку “казабыз-казбайбыз” чуулдагын да уккам, анда деле аралашкан эмесмин. Себеби, бул маселе башка эле көп маселелердей саясый акыйнекке айланып калды. Бизде ушундай активдүүлөр аябагандай көп, “эл дарбыса эшек кошо дарбыйт” болуп жүрөбүз. Бийликке көз карашы туура эмес, оппозициялык маанайдагылар, анан экологияга чындап эле зыян келерине ишенген, түшүнгөн, билгендер каршы, а бийликти колдогондор же андан корккондор (мурда каршы болуп жүргөндөрдүн бир тобу) колдоп же үндөбөй отурушат.
Бул эки жааттын ичинде тең маселенин төркүнүн түшүнгөндөрдөн түшүнбөй эле кыйкырып аткандар көп. Көнгөн адат боюнча кайра эле баягы саясатка айландырып салдык. Ошон үчүн унчукпай эле коёюн дегем. Эми суроо берилгенден кийин унчукпай койгон болбос.
-- Тоо-кенчилер адиси Дүйшөнбек Камчыбековдун соңку маегин окусаңыз керек?..
-- Ооба. Өткөндө “Азия Ньюс” гезитине чыккан тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, доктор Дүйшөнбек Камчыбековдун интервьюсун окудум. Ал Кызыл-Омпол кени беш участоктон турарын, анын бир гана Таш-Булак деген участогу изилденип такталганын, ал жерде 3,5 миң тонна урандан башка да өтө сейрек кездешүүчү, абдан кымбат 8 миң тонна торий, 1,6 миллион тонна титаномагнетит, жана башка фосфор, цирконий кендери комплекстүү (аралаш) руда түрүндө бар экен. Калган 4 участок боюнча эч кандай иликтөө жок. Демек, аларды казуу тууралуу сөз кылууга али эрте. Ал эми мынабу иликтенген Таш-Булак участогун казыш үчүн дагы кошумча иликтөө кылып, экологиялык зыян болобу-болбойбу аныктап, Сооронбай Жээнбеков кол койгон, казууну токтоткон мыйзамды өзгөртүп, кен жайгашкан аймакты Ысык-Көл биосфералык аймактан чыгаруу керек экенин айтып атат.
Азыр “Кызыл-Омпол. Уран” деген теманы саясатка айландырып алгандар, президент Садыр Жапаров как будто “бүттү, эртеңден баштап казабыз, эчтекеге карабайбыз” деп айткансып кыйкырып атышат. Акыл токтотуп, кайра карап көргөн киши жок. Эки жаат и точка. Садыр Жапаров “карап чыгабыз, экологиялык зыян бар-жогун иликтейбиз. Зыяны болсо иштетпейбиз, пайдасы болсо иштетебиз” деген сөзүн айтыптыр. А биздин коомчулук ошол “иштетебиз” деген сөздү контекстен жулуп алып эле айгай-чуу салып эфирди толтуруп, жажалап атыптырбыз. Ар дайым тоо-кен маселесине келгенде эле ушу, чурулдак, тополоң. Себеби мурунку бийликтер Кумтөрдөн ишенимди өлтүрүшкөн да...
Эгемендик алганыбызга 30 жылдан ашты. Мамлекет болуп, экономикабызды түптөп, тороло албай темселеп, элибиз ач-жылаңач каңгып, бийлигибиз кайырчы болуп ар кимдин колун карап жалдырап жүрөт. Анан эмнеге биз тоо-кен тармагын иштетип, пайда таап, мамлекетибизди көтөрбөшүбүз керек? Уранды, радиацияны зыяны тийбегендей кылып бүт дүйнө жүзү казып атат го? А эмнеге биз иштетпешибиз керек? Эмнеге иликтеп, зыяны бар-жогун тактаганча эле кысым жасап жатабыз? Садыр Жапаров айтканына туруп, “мыйзам жолун тууралап, экологияга зыяны бар-жогун тактайм” деди. Ошону карап туруп, анысын аткарбай “каза баштайм” десе, анан айгай, чуу салбайлыбы? Эгер акча каражатынан каржалып аткандыктан эле эч нерсенин көзүнө карабай казып кирип, экологиялык катастрофа болуп, элдин ден соолугуна залал келип, берметтей болгон көлүбүзгө адам жолобой, туризм тармагы кыйроого учураса, анда бул бийлик оңбойт, жазасын эртеби-кечпи алат. Бирок бул жерде кеп жазада эмес, болтурбоодо болуп атат. Анүчүн токтоолук, сабырдуулук, сууну атайылап ылайлантып, балык кармоону каалагандарга жол бербөө керек. “Бул жерде жардыруу болбойт, ачык казып алуу жолун колдонобуз, экологияга эч зыян келбейт” деп Садыр Жапаровго жагынып алуудан башканы ойлобогон келжиректердин “медвежья услугасы” да кырдаалды ого бетер күчөтүп жатат го? Ачык казып алууда Балыкчынын шамалы урандын чаңын көлдү көздөй сапырып учуруп атканын элестетип, үрөйү учуп алган эл дагы аргасыз акыйнекке аралашууга мажбур…










