Мен гана күнөөлүүмүн. Багымды талкаладым, балдарымдан айрылдым...

Сириядан кайткан Акмаралдын баяны интернет булактарына жарыяланды:
“Турмушка чыгып, үч балалуу болдум. Жакшы жашадык. Тогуз жыл бирге жашадык. Анан динге кызыгып, бериле баштадым. Адегенде мечитке, имамдарга кайрылдым. Күйөөм да динге кирди. Бирге намаз окуйбуз. Мен ага алымсынбай, интернеттен дин боюнча маалымат издей баштадым, атайы сайттарга кирдим. Негизинен Египеттен окуп келген, билимдүү, мен үчүн чоң абройлуу Абу Ханифтен угуп, үйрөндүм. 2009-жылдан баштап толук динге кирдим десем болот.
Интернеттен нагыз мусулмандарды таптым деп ишендим. Алар мага кандай китеп окуш керек экенин айтып беришти. Мыйзамга баш ийбестен шарият менен гана жашоо керек, бул Алланын мыйзамы деп түшүндүм. Мага ошондой түшүнүк беришти. Намаз окубагандын баары менен жашагым келген жок, жактырбадым. Бара-бара балдарымды да мектепке жибергим келген жок. Күйөөм менен, туугандарым менен мамилем бузулду. Алар менен жашагым келген жок. Шарият мыйзамы менен гана жашаган жерге кетким келди. Интернет аркылуу кандай баруу каналдарын таптым, алардын жардамы менен кете турган болдум. Жакындарымдын каршылыгына карабай Түркияга кеттим. Балдарымды таштап кете бердим. Алар үйдө коркунучсуз болоор дедим.
Ал жерден тосуп алышып, чек арадан акыркы бара турган жерге өткөзүп жиберишти. Ал Сирия эле. Мен ал жер жөнүндө, согуш жүрүп жатканын да билгем. Чек арадан өткөзгөн адам ага турмушка чыгуумду сурады, мен макул болдум. Анын аялы бар экенин билгем. Адегенде особнякта жашадык. Материалдык жактан жетишсиздик болгон жок. Күйөөм бир жактарга кетип, үйдө аз эле убакыт болот. Төрөп алдым. Анан аны өлтүрүп салышты. Мен экинчи жолу күйөөгө чыктым, андан да боюма бүттү. Ал жакта эркексиз жашоо эч мүмкүн эмес. Ал күйөөмдү да өлтүрүп кетишти. Эки балам менен жалгыз калдым. Нагыз согуш башталды, бомбалоо, атыштар. Кете албайсың. Жолду жергиликтүүлөр гана билет. Качууга эч мүмкүн эмес. Качкандарды өлтүрүп салышат, аял-эркегиңе карабайт. Аларды динден кайткандар деп эсептейт. Биздин көзүбүзчө эле үч казак аялды эл алдында асып салышты. Эми гана түшүндүм, бул жерде эч кандай шарият жок экенин. Бул атайы элди азгырып чакырган, пландаштырылган долбоор экен. Бул жерден бүт дүйнөдөн келген динчилдер, алданган тирүү товар болгондор.
Акыры качып чыктык, арабызда казактар да бар, миналанган жер менен үч саат жылдык, баш-аягы бир суткада курддарга жеттик. Алар бизди тамактандырып, тойгузуп туруп, лагерге жөнөтүп жиберишти. Ал жактан туугандарым менен байланышууга мүмкүнчүлүк болду. Үмүт пайда болду. Атайын кызматтагылар менен байланыштырышты. Мен элиме кайтаарыма самолетко отурганда гана ишендим. Ата-энем менен кезиктим. Алар кечирбегенде эмне кылат, ата-эне да. Күйөөм, балдарым менен көрүшө элекмин. Туугандарым менен дагы. Көрсөм дейм, кезигип кечирим эле сурайт элем. Күйөөм үйлөнүп алган. Аны менен бир топ жашабадымбы. Ынтымакта жашадык, үч баланы өстүрдүк. Бактылуу үй-бүлө элек. Баарына өзүм күнөөлүүмүн. Багымды талкаладым, балдарымдан айрылдым. Бала кезден, мектептен бери билген күйөөмдөн ажырадым. Ал жакшы адам. Ушул менин тарыхым. Сирияда 2013-жылдан баштап алты жыл жашадым”.