Азат Равшан: “Биз укук коргоо органдарына, сот системасына ишенбейбиз”
Азат Равшан – коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу. АКШнын Сиракуз университетинин Уитман бизнес мектебин аяктаган. Адистиги боюнча финансы менеджери. Учурда “Кимоникс” эл аралык консалтинг компаниясында иштейт. “Кимоникстин” Руанда, Мьянма жана Юганда мамлекеттериндеги долбоорлорун карап, кызматчыларды окутат.
-- Азат мырза, саясатка аралашып, өлкөнү оңдоого салым кошуу пландарың барбы?
--Буга чейин саясатка аралашууну ойлочу эмесмин. Атамды фальсификацияланган кылмыш иш менен камагандан кийин саясатка аралашууга туура келип жатат. Бирок, мен атамдын боштондугуна гана эмес, жалпы саясый репрессияны жоюу жана сот реформасы үчүн күрөшүүнү чечтим. Биз демократиялык идеяларга жана принциптерге күрөшкөндү үйрөнүш керекпиз. Адамдар келип кетет, бирок баалуулуктар жана идеялар калат. Биздин идеяларабыз, баалуулуктарыбыз жана принциптерибиз күчтүү адамдарды жаратат. Күчтүү принципиалдуу адамдар мамлекетибизди алдыга жылдырат. Өкүнүчтүүсү, азыр бизде андай адамдар өтө эле аз.
-- Равшан мырзанын тергөө иштери кандай жүрүп жатат? Жакында жаңылык болчудайбы? Үй-бүлөсү кабарлашып турууга мүмкүнчүлүк болуп жатабы?
-- Атам менен байланышып турабыз. ИИМ имаратына тергөө иштерине келгенде жолугабыз. Маанайы, көңүлү жакшы. Саясый күрөштү улантарын, кылмыш ишти укук коргоо органдары фальсификациялап ачканын айтып атат. Биздин үй-бүлө бийликке, укук коргоо органдарына, сот системасына эч убакта ишенген эмес. Ишенбейбиз дагы.
-- Кыргыз уулу катары, жаш муундун өкүлү катары Кыргызстандын азыркы саясый абалына кандай көз караштасың?
-- Мен көп жылдардан бери АКШда жашайм. Кыргызстандагы окуяларды, процесстерди көңүл коюп карап турам. Анүстүнө атам активдүү саясатта жүрөт эмеспи. Тилекке каршы, өлкөдө маанилүү башкаруу, билим, медицина, сот тармактарында реформалардын болбой жатканы өкүндүрөт. Реформалардын жоктугу аз келгенсип, бийликтин эркин медиаларга, журналисттерге, активдүү жаштарга жана менин атама окшогон саясый оппоненттерине катуу куугунтук баштаганы өтө коркунучтуу.
Камоолор, куугунтуктар аркылуу өлкөнүн проблемаларын чечүү мүмкүн эмес экенин бийлик түшүнүшү керек. Андан көрө жаштарга үмүт берип, өлкөдө зарыл болгон саясый жана экономикалык чукул өзгөрүүлөрдү жасаса туура болмок. Бирок алар камоолорго, куугунтукка жана күчкө таянып алды.
-- Азыркы чек ара маселеси, экономикалык абалыбыз тууралуу эмне айта аласың?
-- Экономика, чек ара маселелери саясый реформаларга байланышкан. Эгер бийлик реформа жасабаса, анда айлык акыны, пенсияны көтөрүүгө, өлкөнүн коопсуздугун караган күчтүү армияны, чек арачыларды жаратуу, кармоо мүмкүн эмес. Инвестициялар, гранттар, жардамдар демократиялык реформаларды, демокртаиялык баалуулуктарды туу туткан гана өлкөлөргө келет. Бул – дүйнөлүк практика.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА
"Азия Ньюс" гезити