Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канткенде кадр саясатынын туруктуулугун камсыздайбыз? Ыраатсыздыкка чекит коюлабы?

Канткенде кадр саясатынын туруктуулугун камсыздайбыз? Ыраатсыздыкка чекит коюлабы?

24-октябрь, 00:25
541 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Эмне үчүн Кыргызстанда кадр саясаты туруктуу иш алып барбайт? Аткаминерлер тез-тез алмаша берет? Мындай ыраатсыздык тейлөө кызматына канчалык кедергисин тийгизүүдө?” деген собол таштадык.

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер:

-- Коом өзү олку-солку болуп, “бүгүн көргөн эртең жок” деп кайра-кайра оңкобаш атып турганда кайдагы туруктуу кадр саясаты?! Кадрлар туруктуу иштеши үчүн мамлекеттик бийлик түзүмдөрү, мыйзамдар туруктуу болуусу, өлкө туруктуу өнүгүү жолуна түшүүсү зарыл. Экинчи жагынан, кадрларды сактай турган түзүм аягына чейин калыптанышы керек, саясый кызмат орундары менен административдик кызмат орундарынын ортосун так ажырым кылып, бийлик кандай алмашса дагы  мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишин камсыз кылып келе жатышкан административдик кызмат орундарындагы адистерге тийише албай тургандай, алардын укуктары эч кандай кынтыгы жок корголгондой мыйзамдар болуусу шарт. Министр алмашса, техничка менен кароолчусуна чейин алмаштыра берүү туура эмес, жаңы министир саясый деп эсептелген төрт-беш эле кызматчыны алмаштырганга укугу болушу керек. Башка жерлерде деле ушундай. Ал эми өкмөт мүчөлөрү менен башка дайындалуучу кызматтагы адамдардын алмашып туруусуна түшүнүү менен эле кароо зарыл. Анткени, алардын ордулары “саясый” деп аталат, ошондуктан саясый кырдаалдан көз каранды. Бирок, жогоруда айтылгандай, алардын алмашышы жалпы мамлекеттик органдын ишине тескери таасир тийгизбегендей болуусу керек.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

-- Бүгүнкү күндө кадр саясатын кайра-кайра алмаштырып атканынын себеби, биздин аткаминерлер элдин алдында бир нерсеге жооп бериш керек. Анан эч кандай өзгөрүүлөр болбогондон кийин “мынакей, мен бүгүн Асанды Үсөнгө алмаштырып атам” деп элдин көңүлүн алууда. Ошондо эл “аа, тиги кызматтагы адам иштей албай, бул адамга алмаштырыптыр. Эми бул адам иштейт” деп, жакшы нерсени күтө берет. А чын-чынына келгенде, бүгүнкү күндө бийликтин “каякка баратабыз? Эмнеге ошо жерге баратабыз? Кантип ошол нерсеге жетебиз?” деген так планы, көз карашы, багыты да жок. Тилекке каршы, ушундан улам биздеги жаралган көйгөйүбүз ошол. Бизде борборлошкон саясат жүрүүдө. Ал эч качан жакшылыкка апкелбейт. Баардык маселени бир киши чечкенге такалган. Бул туура эмес багыт. Мындан кийин деле Асанды Үсөнгө алмаштырып кете беришет, эч нерсе өзгөрбөйт. 

Шайырбек Маматокторов, эксперт:

-- Кыргызстанда саясый туруктуулук, саясый маданият жокко эсе. Саясат эмес эле вендетта, же өч алуу. Бийлик алмашкан сайын кадрларды алмаштырып башташат. Жаңы келген кадрлар баягы эле эски шылуундар же жаңы жөндөмсүздөр болуп чыгышат. Мамлекеттик кадрдык резерв өтө жарды. Кадр тандоо саясаты меритократиялык принцип менен эмес, саясый көз караштын алкагында жүрүп жатат. Ошондуктан адамдардын кесипкөй адистигине баа берилбей, саясый жактан кадр тандоо басым болууда. Биздин эң чоң кемчилигибиз ушунда. 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер