Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Ишканамдагы кызматкерлерди акылдуу роботторго алмаштырдым”

Замир Айылчиев: “Ишканамдагы кызматкерлерди акылдуу роботторго алмаштырдым”

26-июнь, 13:03
1 147 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коомдук ишмер Замир Айылчиев өлкөнү кризистен чыгаруу, билим берүүнү жакшыртуу жана ишкерлерге үстөк пайызы төмөндөтүлгөн насыя берүү боюнча ойлору менен бөлүштү.


-- Замир мырза, сиз “өлкөнү азыркы оор кырдаалдан чыгаруу үчүн бийликке алты ай жетиштүү болот” деп жатасыз. Кандай аракеттерди айтайын дедиңиз эле?  

-- Акыркы эки жарым айдын ичинде көпчүлүк жарандардын жашоо деңгээли мурункусунан да төмөн түшүп кетти. Башка мамлекеттердин кыска убакытта оорукана тургузуп койгонуна күбө болуп жатабыз. Бирок, “карантиндин натыйжасы тийдиби, биздин өкмөт элди үйдө отургузуп коюп, эмне менен алек болду?” деген суроолор жаралат экен. Негизи алты эмес, үч айда деле жыйынтык көргөзүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Биринчиден, чечкиндүү кадамдарды жасап, экономикалык жаңы ачылыштарга баруу зарыл болуп турат. Бул ошол эле чек аралардагы аткезчиликке бөгөт коюу, жашырылып жаткан акчаларды ачыкка чыгаруу, мамлекеттик кызматтарды оптимизациялоо. Бизге он бир министрлик жетиштүү. Көпчүлүк мамлекеттик кызматтардын маалым каттарды (справка), документтерди берүүлөрүн электрондоштуруу шарт. Мында тыйындар банкомат аркылуу төлөнүп, кызматкерлер азайып, жемкорлук кыскарат. Мисалы, менин ишканамда үч бот (акылдуу робот) бар. Айына үчөөнө тогуз миң сом сарптайм. Бирок, алар 24 саат бою суроолорго жооп берип, чарчабастан, тынымсыз иштей беришет. Мурда үч кызматкерге орточо эсеп менен 54-60 миң сом айлык төлөчүмүн. Көрдүңүзбү, кандай үнөмдөө? Мамлекет да ушундуй кадамдарга баруусу зарыл болуп турат. 

-- Билим берүү тармагын жакшыртууга багытталган кандай сунуштарыңыз бар? 

-- Реформанын натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттар билим берүү жана саламаттык сактоого жумшалышы керек. 9-11-классты бүткөндөргө “кесиптик лицейлерди же беш жылдык жогорку окуу жайларды эмес, кыска мөөнөттүү IT  курстарын тандагыла” деп үгүттөмөкмүн. Ал жактан орточо эсеп менен алты айда “JavaScript сыяктуу программаларды үйрөнүп, Американын, Европанын ири компанияларынан буюртма алып иштөөгө болот. Мында казынага акча түшөт, ошол эле учурда жаштар жумуш менен камсыз болушат. Ал эми жогорку окуу жайлардын басымдуусун жеке менчикке өткөрүп берүү – учурдун талабы. 

-- Кырдаалга байланыштуу ишкерлерге кандай жеңилдиктер зарыл болуп турат?   

-- Учурда ишкерлер мамлекеттен үстөк пайызы төмөндөтүлгөн насыяларды күтүп жатышат. Мисалы, Европа өлкөлөрүндө насыя 1,5 же 2 пайыз менен эле берилет. Нормалдуу мамлекеттерде 5 пайыз. Бирок, бизде 28%, кээде 33%га чейин чыгып кетет. Бул элди алдагандыкка, тоногондукка, кризиске түртүүгө барабар. Элибиз да акчаны бекер таратып жаткандай кабыл алышат. Насыя максаттуу болушу шарт. Негизги каражатты чакан, орто жана чоң ишкерчиликти өнүктүрүүгө багыттаган туура. Бул тармакка колдоо көрсөтүүнүн дагы бир оптималдуу жолу бар. Кытай, Россия сыяктуу дүйнөлүк державалар ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму жыл сайын миллиарддаган долларга тендер жарыялашат. Экономика министрлиги мындай сынактарды калтырбай катышып, мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөп, утуп, жеке ишкерлерди колдоого жана жеңил өнөр жай, айрыкча тигүү тармагына бурса болот. Негизи мамлекетте мүмкүнчүлүк чоң. Анткен менен дипломаттардын көпчүлүгү билимсиз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер