Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Орозбаев: “Мен түштүктөн чыккан лидер болом”

Мирлан Орозбаев: “Мен түштүктөн чыккан лидер болом”

04-март, 12:51
1 130 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

 

   “Улуу Журт” саясый партиясынын лидери менен маек.

-- Мирлан иним, Ошко кандай барып келдиң? Мына ушундан кеп салчы...

-- “Улуу Журт” саясый партиясы азыркы учурда Кыргызстандын 11 шаарына аракет кылып атабыз. Өзүңүз билгендей, көпчүлүк партияларга салыштырмалуу бул жерде жалаң жаңы жүздөр жана өзүнүн күчүнө ишенген прогрессивдүү жаштар чыгып атат. Ошонун ичинде кечээ экинчи борбор шаарыбыз болгон Ош шаарында партиянын съездин өткөрүп келдик.

-- Бул эми жергиликтүү кеңештин шайлоосуна карата иш-чара болдубу?

-- Ооба. Съездде үч маселени карадык. Биринчиси, “Улуу Журт” саясый партиясынын Ош шаардык кеңешке катышуусу. Экинчиси, партиянын курамындагы талапкерлердин тизмесин аныктоо. Үчүнчүсү, Ош шаарынын өнүктүрүүдө партиянын программасын талкууладык. 

-- Негизи Ош шаарында партиялардын абалы кандай экен?

-- Биздин “Улуу Журт” партиясын жана андагы прогрессивдүү улан-кыздарыбызды эл билет экен. Башка партиялардын көбү жок болуп кеткени байкалат. Анткени, ошо жок болуп кеткен партия бир кишинин арты менен түзүлүп, ал киши же саясаттан сүрүлүп калган же ал кишинин бизнеси жүрбөй калган. Мына ушул жааттан алып караганда, биздин партия мүчөлөрү элдин ичинен суурулуп чыккан, амбициялуу иштерден коркпогон, Ош шаарын өнүктүрүүдө өз салымын жигердүү кошо ала турган жаштар. Кудай буюрса, аларды жакында көрөсүздөр. Кыскасы, мен түштүктөн чыккан лидер болом...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер