Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Тарифти көтөрүп, алтын казгандардан 6 миллиард сом өндүрсөк болот”

Расул Умбеталиев: “Тарифти көтөрүп, алтын казгандардан 6 миллиард сом өндүрсөк болот”

23-октябрь, 00:37
673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Көпчүлүк карапайым эл электр энергиясынын лимитин арзандатуу демилгесин көтөрүшүүдө. Мындай кадамга мүмкүнчүлүк барбы?

-- Азыркы учурдагы бир айга 700 кВт/саатка чейин 77 тыйын болуп турганы өтө деле жогору эмес, төмөн да эмес. Бул тариф менен алты жылдан бери электр энергиясын төлөп келе жатабыз. Муну туура эле деп ойлойм. Бул маселени бир нече ирет көтөргөндөй болдум. 

Акыркы убактарда энерготармак чоң чыгым менен иштеп жатат. Менин сунушум: кескин түрдө реформа жасоо, мамлекеттик сатып алуу маселесин ачык-айкын өткөрүү, сууну туура пайдалануу, өз убагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү аракеттерин көрсөк, көйгөйлөр азаймак. 

Чындыгында 700 кВт/саат 77 тыйында токтоп, андан өйдө көтөрүлбөй турганы жакшы. Алыскы, бийик тоолуу райондордо жашаган элге оорурак. Аларга 1000 кВт/саатка чейин 77 тыйын каралган. Ат-Башы, Тогуз-Торо, Жыргалаң, Чаткал ж.б. алыскы райондордо кыш мезгили 7-8 айга чейин созулат. Ошолорго 2000 кВт/саатка чейин 77 тыйынды калтырсак деген сунушту көтөрүп чыккам. 

-- Буга каржы булагын кайдан тапса болот?

-- Экономикалык абалды оңдош үчүн алтын казган ишканалардын тарифтерин беш эсе көтөрүп, ошол жерден 6 миллиард сомго жакын кошумча каражат тапса болот экен. Эмнеге дегенде, алтындын баасы өткөн жылга салыштырмалуу жакшы жогорулады. Ал тармактагы электр энергиясынын баасын көтөрүү алар үчүн анчалык оор болбойт. Ошол киреше менен көп маселени чечип алсак болот. 

-- Тоолуу райондор эле эмес, борбор калаанын айланасындагы жаңы конуштар дагы мындай жардамга муктаж да?..

-- Бул жерде 700 кВт/саат жөн коюлган эмес. Он жыл мурда социалдык тариф 300 кВт/саатка чейин эле болчу. Азыр заман өзгөрдү. Көп маселе электр энергиясы менен чечилип калды. Пенсионерлер, көпчүлүк үй-бүлөлөр учурда 700 кВт/саатка чейин эле электр энергиясын колдонгонду өздөштүрүп калды. Тоолуу аймактарда бул маселе оор. Кыш 6-7 айга созулуп, көмүр жеткирүү да бир топ оорчулукту жаратат. Алар электр энергиясы менен баардык жашоо турмуштарын өткөрөт. Аларга 2000 кВт/саатка чейин 77 тыйын кылып калтыруу туура маселе. Бул сунуштарым өкмөттөн да, Жогорку Кеңештен да өтпөй жатат. Карапайым элге социалдык тарифти көбөйтсөк, жашоо турмушту жеңилдеткенге салым болмок.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер