Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Президентке реалдуу ыйгарым укугу бар курултай жардам бере алат”

Бакыт Бакетаев: “Президентке реалдуу ыйгарым укугу бар курултай жардам бере алат”

25-январь, 02:34
1 888 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жаңы жылда жаңы президент болду. Эл президенттик башкаруу формасын тандады. Бизди эмнелер күтүүдө? 

-- Бизде эки жол бар: же бийлик президенттин колуна топтолот, же элге таандык болот. Эгер биринчи вариант ишке ашса, биздин жоголгонубуз ошол. Эгер башка жолго түшсөккелечегибиз бар. Бизде үч ирет революция болду. Мен аны үч курултай болду деп айтат элем. Элибиз үч жолу бийликти өзүнө каратты, бирок ар бир жолу президенттер кайрадан тартып алды. Бул жолу эл Садыр Жапаровго бийликти берди, эми ал элге жогорку крултай аркылуу бийликти кайтарышы керек. 

-- Бул курултайды кандай элестетип жатасыз? 

-- Курултай өтө зээндүү жана акыйкат болушу шарт. Курултайга шайлоону БШК уюштурат. Ар бир айыл өкмөтү жалпы жыйынга бир курултайчыны көрсөтөт, ал ачык добуш берүү менен бир жыл мөөнөткө шайланат. Жыйынтыгында, Кыргызстан боюнча, шаарларды кошкондо, ага 700дөй курултайчы кирет. Жыл сайын күзүндө борбор калаага чогулушуп, төрага жана анын тогуз орун басарын (7 облустан жана Бишкек, Ош шаарынан) кадимки добуш берүү аркылуу шайлашат. 

-- Алардын ыйгарым укугу кандай болушу керек? 

-Курултай – бул жыл сайын президенттин, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана Жогорку соттун отчетун угуп жана алардын ишмердүүлүгүн баалай турган жогорку элдик бийлик. Эки баа коюшат: “канааттандырарлык жана канааттандырарлык эмесКанааттандырарлык эмес деген баа берген учурда жогоруда айтылган кызматтар отставкага кетишет. Жогорку элдик бийликтин бийлик бутактарына карата чечими акыркы жана андан ары даттанууга жатпайт. Жыйында ар бир курултайчы өкмөт башчысына, министрлерге, депутаттарга Жогорку соттун судьяларына, алтургай президентке да сын айтууга укуктуу. Ар бир шайланган жана дайындалган мамлекеттик кызматкер курултайдын добушу менен бошотулушу мүмкүн. 

-- Маселенин каржылык жагы кандай болот? Бул орган кайсы эсеп менен каржыланат? 

-- Курултайдын иши (негизинен шайлоолорду жана съезддерди уюштуруу) БШКнын бюджетинен каржыланат. Курултайчылардын жол киреси жана жайгашуусу өз каражатынан каржыланат. Алар айлык маяна алышпайт, баардык иш коомдук башталышта болот. 

-- Анда бул жагдайга кайсы башкаруу формасы туура келет?

-- Кандайы болсо да: президенттик, парламенттик, аралаш – маанилүү эмес. Кандай учурда болбосун, баардык бийлик бутактарынын чокусунда алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алчу курултай турушу керек. Ал өз кезегинде айлакер эмес жана бюрократиядан алыс туруп, бул органга шайлоодон тартып чечим кабыл алууга чейин мүмкүн болушунча жөнөкөй болушу зарыл. Жылына бир жолу бийлик өзү тууралуу чындыкты статистикалык маалыматтардан жана аткаминерлердин отчетунан эмес, элдин түз өкүлдөрүнөн, аймактагы элдин маанайын жакшы билген адамдардан угат. 

-- Парламенттик шайлоо сыяктуу кандайдыр бир квоталар болобу, мисалы аялдар, жаштар үчүн канча бир орунду бөлүү ж.б. дегендей? Же жаш курактык чектөө?.. 

-- Эч кандай шарттар жана чектөөлөр болбойт. Баардык маселени конкреттүү айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын жашоочулары өздөрү чечишет. Ошондо бизде революциянын өбөлгөлөрү болбойт. Эгер мурдагы элдик толкундоолор ташбараңга алуу менен коштолсо, курултай – сөзбараң. Эл көчөгө чыгуунун ордуна өкүлдөрү аркылуу пикирлерин бийликке цивилизациялуу түрдө жеткиришет. Анан калса, ал пикирлери жетчү жерге толугу менен жетет.  

-- А Конституцияда курултайга орун табылабы? 

-- КР жогорку курултайы тууралуу главаны Конституциянын кандай вариантына болбосун киргизүү мүмкүн. Өлкөнүн Башмыйзамы бизде мезгил-мезгили менен өзгөртүлүп турат, бирок бул глава дайыма өзгөрүүсүз калышы керек. Эгер Конституциядан курултайдын ыйгарым укугу алынып салынса – жоголгону ошол. Эгер ал жетиштүү ыйгарым укуктарга ээ болсо, анда жакшы жакка өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер