Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ленара Ниязбекова: “Суу бөлүштүрүүнү туура жүргүзө албагандыктан көйгөй келип чыкты”

Ленара Ниязбекова: “Суу бөлүштүрүүнү туура жүргүзө албагандыктан көйгөй келип чыкты”

12-июль, 15:55
1 288 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Kыргызленд” Кыргызстандын экспорттоочу жана импорттоочулар ассоциациясынын төрайымы менен маек.

-- Кургакчылык болууда. Эмитеден эле чөп кымбат. Кышында мунун кандай кесепетин тартабыз? 

-- Азыр эле жем-чөптүн тартыштыгы, кымбатчылыгы байкалууда. Бул боюнча тийиштүү министрлик алдын ала чараларды көрүүгө милдеттүү. Анткени бул жалпы республика боюнча өзүнчө бир көйгөйлүү темага айланды. Ошондуктан аны четтетүүнүн, чечүүнүн механизмин издешибиз керек. Эртең эле күз күрөш болуп, жыйым-терим бүтөт, кыш келет. Ошондуктан күндүн ысыгында маселени чечип алуу оң. 

Кургакчылык деп айтсак туура эмес болуп калат. Сууну бөлүштүрүүнүн тийешелүү механизмдери болбогондуктан, суу тартыштыгы, көйгөйү келип чыкты. Кургакчылык деп айтсак, кургакчылыктын өз симптомдору бар. Биз ага жете элекпиз. Ошонун алдындагы стадияларда турабыз. Суунун тартыштыгы эмнеден улам келип чыкты? Биринчиден, ушул убакка чейин иррегациянын жолго коюлбаганынан келип чыкты. Экинчиден, биздин Чүй каналынын 1994-жылдан бери тазаланбаганы себеп. Ошондой эле суу бөлүштүрүү боюнча система өз милдетин аткара албай келгендиктен да бул көйгөйлөр болууда. Мындан ары да тийешелүү министрлик талканды оозго салып отура берсе болбойт. Бүгүнкү күндө министрлик, жергиликтүү бийлик бул боюнча сунуштарын сөзсүз бериши шарт.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер