Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министрге арка-бел болгон орун басары Нурбек Абдиевге баракелде!

Министрге арка-бел болгон орун басары Нурбек Абдиевге баракелде!

08-апрель, 09:00
1 442 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Башка системаларга караганда ИИМде кызматкерлер, жетекчилер арбын эмеспи. Ошон үчүн көп сөз ырбайт. “Кой аксагы менен миң” дейт... Мурдатан элден алыстап, рейтинги түшүп кеткен “кызыл шапкечендер” бир жарым жылдан бери оңоло баштаганы белгилүү. Октябрь революциясынан кийин Улан Ниязбеков министрлик кызматка дайындалып, муз ордунан жылды. Айсбергдин үстү көрүнгөнү менен астындагы эбегейсиз түптүүлүгү билинбей, ошого жараша көйгөйлөрү арбын эле. Акырындыкта оңолууга из салынды. Улан Ниязбеков милицияны элге иштетүүгө, коомдук коопсуздук абалды тыкыр кароого, кылмыштуулуктун алдын алууга, чарбалык, социалдык маселелерди батыл чечүүгө кадам жасап, айтор, оркойгон катачылыктарды оңдоп, тазалыкка, профессионалдуулукка кадам таштаган. Реалдуу анализдери жетиштүү. Мындай шартта арка-бел катары кызмат кылган жетекчилердин салым кошорун билебиз. Ошолордун көч башында Нурбек Абдиев жемиштүү иштеп, милицияга чын дилинен күйгөнү, кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөшкөнү менен кубандырат. Эң башкысы, шефине тилеги ак, тирөөч катары ак дилден кызмат кылып, интригаларга аралашпай, өзүнүн кесипкөйлүгүн жүзөгө ашырууда. Натыйжада, Нурбек Такабаевичтин көп жылдык эмгегинин акыбети кайтып, генерал-майор чин-даражасын татыктуу түрдө алды. Бул боюнча өздүк курам да колдоду. Министр Улан Ниязбековдун жанында дал ушундай белдүү кадрлар турганда, милициянын түйшүгүн эриш-аркак көтөрүп кетүүгө негиз, ишеним да бар. Ал эми ИИМдин башка орун басарлары, жетекчилери үлгү алышсын! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер