Акыркы кабарлар
» Коом » 24 жаштагы модель кыз телефонунан ток уруп каза тапты
24 жаштагы модель кыз телефонунан ток уруп каза тапты
15-декабрь, 13:10

Каргашалуу окуя Россиянын Архангельск шаарында болгон. 24 жаштагы Олеся ваннада телефондон ток тартып каза болду.
Кыз шаардагы салондордун биринде соода бөлүмүндө жардамчы болуп иштеген. Кийимдерге жарнама жасагандыктан, колунан телефону түшчү эмес экен. Ал күнүнө бир нече сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап турган.
Олесянын сөөгүн досу таап алган. Анын айтымында, курбусунун денесине тийгенде, аны да бир аз электр тогу урган. Сууга түшкөн телефон электр тогуна сайылып турган. Бул Олесянын үй-бүлөсүнө катуу сокку болду. Анын апасынын абалы оор. Тергөөчүлөр кыздын өлүмүн иликтөөдө.

“Заман”