Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айзада Жумалиева: “2030-жылга чейин 50 миң программистти даярдап чыгарабыз”

Айзада Жумалиева: “2030-жылга чейин 50 миң программистти даярдап чыгарабыз”

04-октябрь, 20:29
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулардын ассоциациясы Кыргызстанда дээрлик он эки жылдан бери иш алып барат. Бу саам уюм пандемиялык шартка байланыштуу жумушсуз калгандарды, миграциядан кайткан жарандарды иш менен камсыз кылуу максатында жаңы долбоорду ишке киргизген. Ага ылайык, программанын менеджери Айзада Жумалиеванын билдиришинче, он жыл аралыгында элүү миң программист даярдап чыгарышат. 

-- Сиздердин ассоциация “2030-жылга чейин 50 миң программист” деген долбоорду ишке киргизди, мында кимдер окуй алат? 

-- Биз он жылдын аралыгында 50 миң программистти окутабыз деп план түзгөнбүз. Бул этап-этабы менен ишке ашат. Маселен, быйыл миң адамды программалоого үйрөтөбүз. Азырынча өлкө боюнча эки миң адам өз каалоосун билдирди. Анын ичинен жогоруда айткандай, миңди тандап алабыз. Пандемияда көптөгөн жарандар ишсиз калды, миңдеген мигранттар кайтып келди, ушуга байланыштуу, элди онлайн окутуп, жумуш орундарын таап берүүнү колго алалы деп чечтик. Бизде аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү, мектептин бүтүрүүчүлөрү, үйдө отурган айымдар окуй алышат. 

-- Окууга акы төлөшөбү, ал канча убакытка созулат? Тандоо кандай, качан болду? 

-- Билим алуу таптакыр бекер эмес. Анткени адамдар акча төлөнбөгөн окууларды баалашпайт. Окуу татаалдыгына жараша бөлүнөт, мисалы, жети айлык курска үч миң сом төлөшөт. Ал эми вебдизайнерлердин окуусуна бир жарым миңден эки миңге чейин акы алынат. Окуу онлайн режимде жүрөт. Программист болууну каалагандар чоң шаарларда, ошол эле учурда аймактарда да көп экен. Тандалып алынган миң жарандын жок дегенде беш жүзүн иш менен камсыз кылуу негизги максатыбыз. Тандоо үч этап менен жүргүзүлгөн. Туруктуу жумушу бар жана өздөрүн өнүктүргүсү келгендерди албайбыз. Он сегиз жаштан жогорку курактагыларды тандадык, эң улуусу алтымышта. Бирок, улуулар программалоого эмес, компьютердик сабаттуулукка үйрөнүшүүдө. Учурда IT тармагында чыныгы адискөйлөр аз, бош орундар көп. Биз ошол боштукту толтурууну пландаганбыз. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер