Элдар Шабданов, эксперт: “Экологияга байланыштуу кышкы туризмдин мөөнөтү кыскарып баратат”

-- Кышкы туризмге кандай баа бересиз? Мамлекеттик деңгээлде иш-чаралар өткөрүлүп, заманбап шарт түзүү демилгелери көтөрүлгөн жок го?..
-- Кышкы туризм жалпы туризмдин ичинен үчүнчү орунду ээлейт. Биринчи орунда экологиялык туризм турат. Апрель-май айларынан баштап атайын группалар келип, Соң-Көлгө, Ысык-Көлгө, түштүк жергесиндеги жайлоо, тоо шартына кызыгышат. Эң көп туристтер ушул багыт боюнча кайрылышат. Экинчи орунда пляждык туризм. Менимче, үчүнчү орунда гана кышкы туризм турат. Эс алуучулар Караколго, Бишкектин тегерегиндеги базаларга келишет. Бул жерге деле негизинен Кыргызстандын ичинен жана жакынкы өлкөлөр Казакстан, Өзбекстан, Россиядан катташат. Айрыкча Каракол базасы эң алдыңкы ондукка кирет. Бирок, жалпы Евразияны карап көрсөк, дагы деле артта. Мамлекет тараптан жасалып жаткан демилгелер деле бар. Аэропорттор ачылып, Ысык-Көлдүн түштүгүнө да, түндүгүнө да жолдор салынып жатканы өкмөт тараптан туризмге болгон салым да. Инфраструктураны, сервисти өнүктүрүүдө мамлекеттен көп деле демилгелерди күтпөй, бизнеске өткөрүп берүү керек. Бизнесте иш алып барууга канчалык жакшы шарт түзүлүп берилсе, мамлекеттик иштерге салыштырмалуу тез жана эффективдүү, туруктуу да болот. Ишкерлер өз кызыкчылыгын көздөшөт дагы, эң жакшы шарттарды түзүп бергенге атаандаштыктын натыйжасында жакшы сервис бергенге жагдай жаралат.
-- Кышкы туризмдин келечегине токтолсоңуз?
-- Негизинен келечегине карай коркунучтары абдан чоң. Азыр мисалы, туристтердин келишин, учурдагы сезондун жүрүшүн байкап, Караколдо жүрөм. Мурда ноябрь айынан баштап мартка чейин сезон болсо, жылдан-жылга кыскарып, декабрдан февралга чейин эле болуп калыптыр. Экологдордун айтымында, бул климаттык өзгөрүүлөрдүн натыйжасы. Биздин кышкы туризмге мамлекет тараптан эң чоң салымыбыз – экология жагын сактап, мөңгүлөрдүн эришин алдын алуу маанилүү. Президент Садыр Жапаровдун БУУнун трибунасында айткан сөзү абдан актуалдуу болду: “Өнүккөн мамлекеттер климатка жумшаган миллиарддаган акчалардан биз сыяктуу суунун башында турган өлкөлөргө тышкы карыз эсебинен гранттарды жумшаса, биз каражатты мөңгүлөрдү сактап калганга пайдалансак, абдан дурус болот” деди. Экологияны коргоого алуу да мамлекеттин кышкы туризмге карата салымы эмеспи. Мисалы, тоолорго көптөгөн бактарды тигишибиз керек. Бак-дарактар көп отургузулса, нымдуулук көтөрүлөт дагы, температура 10 градуска чейин төмөндөйт. Ошондо мөңгүлөрдү эритпей сактап калууга өбөлгө түзүлмөк. Андан сырткары, мал чарбага, эгиндерге абдан көп суу кетет. Ошонун баары ысырап менен колдонулат. Каналдар курулган эмес. Сууну талаа менен эле буруп келип сугарып, чаржайыттык жаралууда. Ошондуктан тамчылатып сугарууга өтүшүбүз керек. Тоолорго чыкканга чейин жолдор салынса, туризм боюнча бизнеске жардам болмок. Ириде “экологиялык туризм”, “кышкы туризм”, “пляждык туризм” деп төрт-беш багытта иш алып барып, эл аралык көргөзмөлөргө катышып, дүйнөлүк деңгээлдеги телеканал, журналдарга рекламаны жайгаштырып, өтө көп катталуучусу бар блогерлерди Кыргызстанга чакырсак, коомчулукка таанытуу жагынан чоң иш, демилге жасалмак. Мамлекет өзү киришип (кышкы туристтик базаларды куруунун зарылчылыгы деле жок), жалпысынан бизнеске шарт түзүп, жарнамалап берип, климатты көзөмөлдөп, коопсуздук жагын карап турса, жакшы жылыштар болот эле.
"Азия Ньюс" гезити