Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Талапкерлердин биригүүсү жакшы көрүнүш, үмүт жандырды”

“Талапкерлердин биригүүсү жакшы көрүнүш, үмүт жандырды”

30-декабрь, 22:54
2 002 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Президенттикке ат салышып жаткан төрт талапкер биригип жатканын жарыялап чыгышты. Алар Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канат Исаев жана Каныбек Иманалиев. Бириккен талапкерлер кызматташуу жана бирдиктүү иш алып баруу жөнүндө меморандумга кол коюшту. 

“Биз амбицияларыбызды экинчи орунга коюп, мамлекет үчүн мыйзамсыздыкка каршы биригүүнү чечтик. Кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлуп жатат. Биздин эшик башка талапкерлерге ачык” деп Мадумаров башка талапкерлерге да коңгуроо какты.

Руслан Акматбек, серепчи:

-- Булардын биригүүсүнүн өзү эле абдан жакшы. Кыргызстандын саясый маданиятында мындай нерсе боло элек да. Мындан азыр укмуш жыйынтык чыгып кетпейт. Бирок, балким, бара-бара дагы башка саясачылар кошулуп, негизги талапкерге атаандаш кылып бир талакерди чыгара алса, ошонун тегерегинде бириксе, бир жыйынтык күтсө болот. Мурда мамлекет кандай нукта кетсе, азыр деле ошол нукта баратат да. Айрымдарга дароо чаралар көрүлүп, айрымдарга таптакыр көз жумуп коюшуп, түшүнүксүз абал өкүм сүрүүдө. Мен азыр эч кандай деле өзгөрүүнү көрө алган жокмун. Бирок, талапкерлердин биригүүсү “жылт” эткен үмүт жандырды. 

Феликс Кулов, коомдук ишмер:

-- Ооба, кызык дебат өттү. Төрт талапкер бириккенин жарыялап чыгышты. Бирок бүгүн айкын максаттары, пландары деле жок. Алардын аттары эле болбосо программалары менен эл тааныша элек. Азырынча күтө туралы. Азыр айтууга өтө эрте. Кандай саясый тактикалары, жүрүштөрү болот – ар бир кадамдары элдин көз алдында. “Эл тараза, эл сынчы” демекчи, кандай жүрүш болбосун эл өзүнө керектүүсүн тандап алат. Менин оюмча биригүү жакшы көрүнүш. 

Сейтек Качкынбай, саясатчы:

-- Биригүү – күтүлгөн көрүнүш. Туура жол. Мындай күчтүү күч керек. Балким, курамдары дагы кеңейет. Бирок кандай иштер, биригүүлөр болбосун, 10-январда талапкер Садыр Жапаров жеңишке жетишет. Баары куттукташат. Ага эки чылбыр, бир тизгин колуна тийип, мүмкүнчүлүк келет. Карапайым калк ичинде андан үмүт кылгандар абдан көп болууда. Бул адамды пайгамбардай, Манас баатырдай, керемет адамдай сезгендер көп. “Жумушсуздук жоюлат, чет жерде иштеген миллиондогон мигранттар кайтып келип, мекенинен бакыт табат. Элге жыргал жашоо башталат, адилеттүү коом орнойт, коррупция жоголот” деп үмүт кылып жатышат. 

Анан биринчи 100 күндө эле реформалар, жакшы же жаман иштегени билинет. 100 күндүн ичинде Садыр Жапаров жакшы иштерди көрсөтө алса, “азамат экен” деп кол чаап, аны көздөй оойбуз. Көрсөтө албаса, “кезектеги бир популист экен, жалганчы, айтканынан кайткан адам тура” деп мен эле эмес, жалпы элдин шаабайы сууйт. Үмүттөрү өчөт. Азыр мамлекеттик үгүт толугу менен эле “биз бир топ жыл парламентаризмде жашадык, жыргап кеткен жокпуз” деп союз убагындагыдай пропаганданы берип, а карапайым калк болсо “ооба, туура” дешүүдө. “Чимкириктерди” көрүп, “парламентаризмдин жүзү ушундай турбайбы” деп ойлоп жатышат. Парламентаризм системасы дегенибиз менен парламентаризм менен бир күн дагы жашап көрө элекпиз. “Чимкирик парламентти” А.Атамбаев тизмелеп алып келгенин да билебиз. Президенттик институт болгону үчүн “чимкириктер” келген. Президенттик институт шайтандын шайтаны болорун башынан дагы бир кечирсе анан сабак болчудай. Азыр “зомбилердей” болушуп, баары “Садырлап” кетип жатышат. Баарын убакыт көрсөтөт. Мезгил таразалайт. Бүгүнкү талапкерлердин биригүүсү туура көрүнүш. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер