Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Азыркы бийликти күч менен кетирүүнү туура көрбөйм”

Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Азыркы бийликти күч менен кетирүүнү туура көрбөйм”

30-сентябрь, 12:44
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Адил мырза, Баткенге барып келбедиңби. Жоготуу, кыйроолор боюнча кандай ой бөлүшөсүң? Элдин жашоосу, маанайы аянычтуу болсо керек...

-- Согуш элди сыноочу кырдаалды жаратат. “Эл чачыранды болобу, же улут катары таанылган өлкөнү кура алабы?” деген суроо кабыргасынан коюлду. Жыйынтыгында, элибиз бир муштумга түйүлдү, дүйнөдө чанда кездешкен тилектештикти көргөздү. Жердешчилик, трайбализм илдеттеринин тамыры кыска экени тастыкталды. Бир үйгө 100 кишини батырган элдин келечеги кенен, кайра жаралууга багыт алган мүмкүнчүлүктөрү бар улут экенибизге мен дагы бир жолу даана күбө болдум. Негизинен гумжардамга көңүл бурулуп кетпедиби, чындыгында ал жагы элдин колуна эртеби-кечпи жетти. Координация жагынан өксүгөндүр, бирок 140 миң кишини кыска мөөнөттө азык-түлүк, кийим, үй-жай менен камсыз кылуу оңой иш эмес да. Европага деле мигранттар агылып келгенде, көп мүчүлүштүктөр болуп жатканын көрүп жатабыз. Биз башкага көңүл бурсак. Жабыркаган эл керек болсо ошол эле гумжардамды “бизге бербей аскерлерге бергиле” деп жатат. “Үйдү деле кайра куруп салабыз, негизгиси чек ара маселесин чечкиле” деп бийликке кайрылышууда. “Чече албасаңар, аскерди бүт курал-жарак менен камсыз кылгыла” деген талаптар күчөдү. “Алардын алы жетпесе, куралды бизге бергиле” деген да катуу сөздөр айтылды. Ошондуктан бийлик мамлекеттин ичиндеги блогер, активист, оппозициялык саясатчылардан душман издебей, биринчи кезекте тышкы коркунучтан сактанууга көңүл бурса. Керек болсо Тажикстандын ичиндеги кырдаалга саресеп салып, Рахмонго каршы күчтөрдү колдоого ынтызарланып, тымызын иштерди жүргүзгөнгө аракет кылса болот. Анткени убакыт тажик тарап үчүн иштеп жатат. Алардын ички мүдөөсүн алсак, так Кыргызстанга чектеш жерге саясатын көчүрүү уланып келаткандай. Элдин саны да тез өсүүдө. А бизде тескересинче, сырткы миграция күч алган. Андыктан, бул жерде комплекстүү иш-чаралар көрүлүшү керек. Врач, мугалимдер, аскерлерге процентсиз насыя берилип, ал жерде үй алып, турмуш курганга шарт түзүлүшү абзел. Керек болсо баардык баткендиктерге эч шарт койбой, үстөк жөлөк пул берилишин камсыз кылуу зарыл. Бүт аракетти ал жакка жумшап, элдин бекем турукташуусуна шарт түзүү маанилүү. Антпесек тажик тарап чагым жасоону токтотушпайт, набыт болгон элдин саны өсө берет. 

-- Тажиктердин экинчи ирет бастырып кириши, согуштун кесепети ички саясатыбызга кандай таасир этүүдө? 

-- Биз эркиндикти сүйгөн элбиз. Жакпаган бийликти тез арада алмаштырып коёбуз. Бул коңшу авторитардык мамлекеттерге жакпайт. Рахмондун арам саясаты бир гана чек ара менен чектелбеши мүмкүн, анын артынан шыкакташып, колдогон сырткы күчтөр да болушу мүмкүн. Анткени биздин бийлик көз карандысыз тышкы саясатты жүргүзгөнгө аракет кылып жатат. Мунун бирден-бир жыйынтыгын Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна кол коюлганын келтирсек болот. Ошондуктан, мен тышкы кийлигишүүгө туруштук берип, азыркы бийликти күч менен кетирүүнү туура көрбөйм. Садыр Жапаровдун биринчи президенттик мөөнөтү бүтсүн, аны менен ошондо гана мыйзам жолу аркылуу эсептеше алабыз... 

-- Соңку убакта оппозиция тараптагылар биригүүгө, күчтөнүүгө барышары тар чөйрөдө айтылууда. Бул жагынан бийликке каршы күчтөр чындап жанданышабы, же жөн эле сес көрсөтүү таризинде чектелишеби?

-- Азыркы бийликтин коркунучу – бир маршруткага батыра турган оппозиция эмес, алардын өздөрүнүн чабалдыгы. Айрыкча кадр саясатында. Кайсы негизде, эмне себептен кечээги кылмышкерлер орчундуу орундарга коюлуп жатат? Таңгаласың. Булардын сөздөрү да бир эмес. Кечээ эле БУУнун эң бийик трибунасынан расмий тажик бийлигин күнөөлөп жатабыз да, кайра “булар түшүнүксүз сакалчандар” дейбиз. Анан дагы бийлик авантюралык, көмүскө долбоорлорго өтө эле ишенип калгандай, “Асман” шаары сыяктуу. Орчундуу багыттарыбыз аныкталган эмес. Айта берсе сөз көп, негизгиси кеч боло электе бийлик сабак алса. Кеч боло электе...


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер