Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Лениндин эстелиги – өткөн мезгилдин бир белгиси да”

-- Исхак Абсаматович, соцтармактагы комментарийиңизди окуп калдым. Ош шаарындагы Лениндин айкелинин алынышына нааразы окшойсуз...
-- Мен муну биздин элибиздин социалисттик мезгилин жокко чыгаруу аракети катары эсептейм. Лениндин эстеликтери – бул ошол мезгилдин бир белгилери болчу. Тилекке каршы, бүгүн жаштарыбыз Ленин эмес, “Масалиев, Усубалиев, Раззаков ким?” деп сурасаң да билишпейт. Өкүнүчтүү, бирок турмуш ушундай экен. Эстеликтерди алууну мен трагедия катары айтпайм, бирок өзүм билемдиктин бир белгиси да. Биз, коммунисттер үчүн бул жакшы көрүнүш эмес. Ошон үчүн нааразылыгыбызды айттык.
-- Эстеликтерди алуунун эрежеси кандай? Шаардык кеңеш карашы керекпи, же мэрия өзү эле чечип коёбу?
-- Мен “мыйзам бузулду” деп бир аз шашылып айтып коюпмун. Ал эстелик мыйзам менен корголгон тизмеге кирбейт экен. Бишкектеги Лениндин эстелиги кирет, ВДНХдагы эстелик дагы. Ал эми Оштогу эстелик Орто Азиядагы эң бийик айкелдерден эле. Ошондуктан, аны алганда шаардын тургундары менен кеңешип койсо ашыктык кылбайт болчу. Мен бир мисал келтирейин: Ош шаарындагы бир проспектинин башы Исхак Раззаковдун, ортосу Абсамат Масалиевдин, уландысы Насирдин Исановдун ысымында. Ошол көчөгө Масалиевдин атын берип атканда 1853 кишиден уруксат алганбыз. Бул кыйын маселе да... Балким, эстеликти жөн гана башка жакка жылдырыш керек беле?.. Азыр айтып жатышат жылдырууну. Анда жылдырышсын.
"Азия Ньюс" гезити