Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Айлык акы, пенсия көбөйсө да күнүмдүк муктаждыкка жетпейт”

“Айлык акы, пенсия көбөйсө да күнүмдүк муктаждыкка жетпейт”

07-июль, 18:24
436 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Көбөйө турган айлык, пенсия канчалык деңгээлде кымбатчылыкка туруштук бере алат дейсиз?

Эрнест Карыбеков, саясатчы:

-- Албетте, айлык, пенсиянын көбөйгөнү жакшы. Бул ишти аркалоо мамлекеттин, өкмөттүн түздөн-түз милдети. Эгерде бай өндүрүшкө ээ болгонубузда, кымбатчылыкка туруштук берилмек. Тилекке каршы, Кыргызстандын экономикасы кеңири кулач жая албайт, 80%дан ашык көз каранды. Ошондуктан кымбатчылык өсүп жатат. Дагы көйгөй курчуйт. Баягы эле дүйнөлүк каржы экономикалык системада кала берсек, өкмөт керектөө инфляцияны кубалап жете албайт. Бул системанын маңызы бир эле бааны көтөрүү. Электр энергияга, жол киреге, интернетке, дегеле жалпы салык ж.б. Демек, биз ушул дүйнөлүк каржы экономикалык системадан чыгып, өзүбүздүн өндүрүштүк моделибизге эртерээк өтсөк, анда көбөйө турган айлык жана пенсия кымбатчылыкка туруштук бермек. Кыргызстанды өнүктүрө турган өзүнүн жолу бар. Ал эми азыркы күнүмдүк элдин жонтерисин сыйрыган ыкма – туюк жол. Келечектин образын өлкөнү жетектегендер эмгиче көрсөтө элек. Дүйнөлүк экономика системасы урап атканда, Кыргызстандын кандай өнүгүү жолдору бар? Жөн эле кыялдарга азгырылбай, илимге жана эсеп-кысапка таянган пландарды түзүшүбүз керек. Ошондо элдин кирешеси өсүп жаткан баалар менен оң баланста болот. Дагы бир жолу кайталап кетейин, өлкөбүздүн бат өнүгүп кеткен жолдору бар. Анүчүн бул эски системадан эртерээк чыгып, өндүрүшкө таянган экономикалык моделибизге өтүүбүз зарыл.

Кеңешбек Айтикеев, серепчи:

-- Бүгүнкү күндөгү айлык акы, пенсия адамдардын күнүмдүк муктаждыгын камсыз кылууга жетпейт. Күндөн-күнгө жашоого керектүү баардык нерсе: тамак-аш, кийим-кече, курулуш материалдары жана башкалар кымбаттоодо. Эмгек акыны, пенсияны көтөрүү жакшы кабар, бирок ал көтөрүү бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт. Себеби, алган айлык, пенсия ашып кетсе адамдардын 10-15 күндүк керектөөсүн камсыз кылат.

Көп балалуу үй-бүлөлөргө оор эле болот, жашоо күндөн күнгө кыйындап баратат. Соода-сатык жайларды көзөмөлдөп, тескеген адам жок, баалар күн санап  өсүүдө. Карапайым калкты бийликте иштегендердин жашоосуна теңештирип, айлык акы, пенсияны көбөйтсө туура болмок, а бул көбөйтүү менен жашоо шарт оңолуп кетпейт. Эч болбогондо айлык акы 80000ден 100000 сомго дейре, пенсиянын эң төмөнкүсү 15000-30000 сомго чейин көбөйгөндө, адамдардын күнүмдүк муктаждыгын канааттандырмак. Жакшылыкка ниет кылып туралы, балким бул көрсөткүчтөргө да жетербиз.

Ташболот Балтабаев, экс-депутат:

-- Албетте, элдин кайсы бир бөлүгүнө колдоо болот, бирок жалпы катмарын канааттандырбайт (баарына эле айлык, пенсия көбөйгөн жок да). Образдуу элестетсек, сен айтып аткан пенсияга 1000 сом кошулганы – түбү тешик чакага бир литр суу куйганды элестетет. Кымбатчылык менен күрөшүүнүн жолу – арзан товар өндүрүүнү көбөйтүп, жаңы кагаз акчаларды печаттап элге таратуу менен чектелбеши керек. Бийлик бюджеттин акырынан жем жеген адамдарга кагаз акчаны таратканга күчү жетет, а арзан жана сапаттуу товар чыгаруу бюджеттин акырынан жем жебеген ишкер, фермерлерге тийиштүү. Ошондуктан кагаз акча канчалык көп таратылса, алар ошончолук товардын баасын көтөрө беришет. Азыркы кымбатчылыктын формуласы ушундай.

Чынара Мамажакыпова, активист:

-- Кечээ жакында президент пенсиянын минималдык ченин 6700 сомдон кем кылбай турган кылды. Медицина кызматкерлеринин айлык маяналарын көтөрүү боюнча чечимге кол койду. Бул абдан жакшы жаңылык. Мисалы, азыр пенсиянын базалык бөлүгү үч миң сомдун тегерегинде болсо, ал эки эсеге көтөрүлүп атат. Ал эми врачтар 35 миң сомдон айлык алып келсе, эми алар 70 миң сомдун тегерегинде айлык алып калышат. Бул өтө жакшы жаңылык. Билинбегени менен мамлекет мындай чечимди кабыл алып, миллион-миллиарддаган сумма кошумча каражаттарды элге берип атат да. Демек, мамлекет ошол каражатты кайсы бир жерлерден тапты, бюджет көбөйдү, азыр мамлекет күчтөнүп, кубаттуу болууда. Албетте, жашоо ордунда турбайт, инфляция уланат, күнүмдүк товарларга баа жогорулайт, бул табигый көрүнүш. Бирок ошону менен кошо мамлекет да ордунда турган жок. Айлык акы, пенсияларды ошого жараша жогорулатып, элдин турмушун жакшыртууга аракет кылууда. Жакшы, жаш кадрлар сыртка чыгып кетпей, өз өлкөсүндө иштеп, мекенине татыктуу кызмат кылышы керек, бул жагынан мамлекет миграция маселесин азайтууга бел байлап атат. Ошондуктан бүгүнкү бийликтин жасап жаткан аракеттерин мен сүйүнүү менен колдоп жатам. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер