Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “7-апрелди жокко чыгарып, ага терс мамиле кылуу – өтө чекилик иш”

Мирлан Самыйкожо, ЖК депутаты: “7-апрелди жокко чыгарып, ага терс мамиле кылуу – өтө чекилик иш”

14-июнь, 18:27
609 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мирлан мырза, 7-апрелди календардын кызыл күнү катары белгилөө маселеси комитетте бир топ талаш-тартыштарды туудурду. Бул боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

-Бул жөнөкөй майрам эмес, биздин Кыргызстандагы тарыхый күндөрдүн бири. Муну бүгүн 90 же 100 киши жокко чыгарып алып койгон менен, эртең келечекте эл кайра ошол күндү эскерүү кылып, ата-бабаларга таазим кылчу дата катары улантары бышык. Анткени, бул жерде авторитардык бийликке каршы болгон кыргызстандык жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Жапжаш бойдон кетишкен. Аларды биз кечээ даңазалап, “Ата-Бейиттеги” Айтматовдун, репрессия курмандыктарынын жанына койгонбуз. Анан эми бүгүн кайра 7-апрелди жокко чыгарып, ага терс мамиле кылуу – бул өтө чекилик болот. Бул тарых, ал эскерилиши керек. Менин оюм ушундай.

-Анда майрам эмес, эскерүү күнү катары белгиленгени туура болот го?

-Майрам деген эч ким жок. Эскерүү күнү катары ошол жерге гүл коюлуп, урмат көрсөтүлүүгө тийиш. Өткөндөр даңкталмайын тирүүлөр баркталбайт. Өткөндөрүн эстеген – өскөндүктүн, өткөндөрүн жектеген – өчкөндүктүн белгиси дейт кыргыз. Өткөндөрдүн баарын унутуп, тарыхты жок кылсак, анда кандай эл, кандай мамлекет болобуз? Эгемендүүлүк алгандагы тарыхыбызга да баам салып, карап көрүшүбүз керек да. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер