Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Биз тарых, идеология багытында кошуналардан артта калдык”
-- Жанар мырза, жоон топ депутаттар басмачылык кыймылдын катышуучуларын, андан соң сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан экенсиздер. Алар али толук акталып бүтө элек дейсиздерби?
-- Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз. “Өз алдынча түндүк көтөрүп, түтүн булатсак экен” деген мүдөө менен миңдеген ата-бабаларыбыз жандарын кыйышкан. Эгемендик бизге даяр эле асмандан түшө калган жок да, далай азаматтардын каны-жаны менен келди. Кошуна өлкөлөр Өзбекстан менен Казакстан атайын комиссияларды түзүп, бюджеттен каражаттарды бөлүп, репрессиянын курмандыгы болгондорду массалык түрдө актап жатышат. Тарыхчыларга каражатын берип, алар идеология багытында чоң иштерди башташты. Биз ушул маселеде кечиктик. Себеби, учурунда миңдеген мекенчил жарандарыбызды диний ынанымы, саясый көз карашы үчүн соттоп, сүргүнгө айдап, атып, өтө чоң катачылыктарга жол берилген. Ошондуктан, биз атайын мыйзам долбоорун даярдап жатабыз. Нурланбек Шакиев, Мирлан Самыйкожо, Чолпон Султанбекова, Айбек Маткеримов, Чыңгыз Айдарбеков жана мен сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин атайын комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттардан, бейөкмөт уюмдардан, тарыхчылардан, күч органдарынан өкүлдөр кирип, алар архивди кылдат изилдегенге мүмкүнчүлүк алышат. Биз азырынча так санын билбейбиз, балким, он, а балким, жыйырма-отуз миң адамды актоого туура келээр. Кийинки муун катары биз алардын атын ачыктап, тарыхтын актай барактарына жазышыбыз керек. Атайын катчылык түзөбүз, комиссия иштейт. Комиссия иштеп туруп, материалдарын башкы прокуратурага жөнөтөт. Алар болсо ыкчам карашып, Жогорку сот аркылуу актайт.
Ошол эле “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине көңүл бурууну талап кылабыз. Ал жерде мышык ыйлай турган абал. Аны тейлеген персоналдын айлыктарын көтөрүү керек. “Ата-Бейит” сырттан коноктор келгенде жөн эле барып, гүл коюп койчу жайга айланып бараткандай. Ал жерде Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Иманалы Айдарбеков сыяктуу элитабыз жатат. Аларга татыктуу мамиле болбой калганы өкүндүрөт. Биз мыйзамды кабыл алып туруп, ошонун алкагында ушундай чоң иштерди жасайбыз.
-- Ошондо 20-30-жылдарда саясый айып менен айыпталгандардын баары акталабы?
-- Кылмыш жасаган чыныгы кылмышкерлер акталбайт. Мыйзамга ошентип жаздык. Жогоруда айтканымдай, так саны азырынча белгисиз. Менимче, он миңден кем эмес. Согуш учурунда “жарым кило буудай уурдадың” деп деле камап, сүргүнгө айдай беришкен да...