Акыркы кабарлар
» Коом » Кыргызстанда COVID-19 вирусунун төрт штаммы тараганы аныкталды
Кыргызстанда COVID-19 вирусунун төрт штаммы тараганы аныкталды
22-апрель, 21:44
602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги Кыргызстанда COVID-19 вирусуна кабылгандардан төрт штамм, тактап айтканда, британиялык (жаңы штамм), индиялык (жаңы вариант), түштүк африкалык (эски вариант) жана орусиялык түрү аныкталганын билдирди. Бул тууралуу 22-апрелде мекеменин сайтында кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, кыргызстандык бейтаптардын анализдери Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Референс-лабораториясында жана Орусиянын Вирусология жана эпидемиология боюнча мамлекеттик илимий «Вектор» борборунда текшерилип, корутундулар ошол жерде чыккан. Анализдер ушул жылдын 26-мартында жөнөтүлгөн.