Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алишер Козуев туруктуулугун көрсөтүп, түз багытын кармай алды

Алишер Козуев туруктуулугун көрсөтүп, түз багытын кармай алды

28-март, 20:14
359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Алишер Козуевди жыгууга, мандатын тапшыртууга аракет жасашты. Ооба, айрым бир күчтөр. Атака башталып барып, азыр кичине сууду окшойт. Аныгында, Алишер мырза Райымбек Матраимов менен мамилесин бурмалабай, ага-инилик жердешчилигин жашырбай, жигиттик сөзүн ачык айтты. Башка депутаттар секире качышып, бийликтин короосуна кирүүгө жандалбас урушту эле (Шайлообек Атазов, Айбек Осмонов ж.б.), алар четке сүрүлдү. Мандаттарынан кол жуушту. Себеби, Райымбек Матраимовду сатып кетишкенби? Кечээги шефин аттап кеткендерден эмне жакшылык күтөбүз? Бул жагын паша да түшүнүп, “куйруктарын” толгогондой кылды... Ал эми Алишер Козуев туруктуулугун көрсөтүп, түз багытын кармай алды. Чыккынчылыктан бийик турду. Мүнөзү да кичипейил, адамгерчиликтүү. Өсүп келаткан саясатчылардын катарына кирет. Өлкө үчүн иштөөгө дилгир. Мындай жигитти эмнеге куугунтукташ керек? Бийлик төбөлдөрү деле байкап, эл үчүн кызмат кыла турган жөндөмүн эске алып, карасанатайлык кылышкан жок окшойт. Натыйжада, шайлоочуларынын үнүн өкмөткө жеткизип, жалпы көйгөйлөрдүн үстүнөн жигердүү иштесе, мамлекеттин өнүгүшүнө кошкон салымы болуп атпайбы. Ооба, мындай өсүү жолундагы кадрды сүрөйлү. Силер да колдоп тургула, окурмандар!
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер