Акыркы кабарлар
» Коом » Орусияда кыргыз жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды
Орусияда кыргыз жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды
17-ноябрь, 18:11
567 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Орусияда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандын күйүп калган дене калдыктары табылды.
Маалым болгондой, октябрь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө жана элчиликке Ж.М. аттуу 44 жаштагы кыргызстандык аял кайрылып, 18 жаштагы Ж.Д. аттуу дайынсыз жоголгон уулуна издөө жүзгүзүүгө жардам сураган. Анын уулу 2019-жылдын август айында Орусияга барып, Тверь облусундагы Иваньков суу сактагыч аралдарындагы базарда күзөтчү болуп ишке кирген.
Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин өрт чыккан жерде табылган сөөктүн калдыктары молекулярдык-генетикалык экспертиза жиберилген. Экспертизанын жыйынтыгы менен сөөктүн калдыктары кыргызстандык аялдын уулунуку экени аныкталган.
"Азия Ньюс" гезити