Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясатчы Канат Исаев бир айга камалганы кабарланды
Саясатчы Канат Исаев бир айга камалганы кабарланды
24-октябрь, 12:15

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова саясатчы Канат Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынганын маалымдады. Бирок бул маалыматты райондук соттон тактоого мүмкүн болбоду. Исаев кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу маалымат жок.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын маалыматына караганда, саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдакматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов активисттер Эрлан Бекчоро, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Гулнара Журабаева, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, журналист Айданбек Акмат уулу 48 саатка кармалды.