Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бийлик “кемпирабадчыларды” актап, күздөгү саясый кырдаалды жеңилдетти”

“Бийлик “кемпирабадчыларды” актап, күздөгү саясый кырдаалды жеңилдетти”

24-июнь, 16:12
561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- “Кемпирабадчы” саясатчылардын акталышы менен оппозицияда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Бийликке каршылык көрсөтүү басаңдайбы же күчөйбү?

Азиза Абдирасулова, укук коргоочу:

-Мениче, эч кандай деле өзгөрүү болбойт. Кемпир-Абадды коргоо кыймылында саясатчылар аз, оппозициялык көз караштагылардан бир-экөө бар. Ошондуктан аларда башынан эле бийликке умтулган, бийликти басып алалы (!) деген саясат болгон эмес. Алардын эң негизги максаты – Кемпир-Абадды коргоо болгон.

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-Биринчиден, бийлик бир жыл сегиз ай СИЗОдо отурган “кемпирабадчыларды актап, жакшы иш кылды. Алар бул саясый чечими менен күздөгү кырдаалды жеңилдетишти. Элдин нааразычылыгын жаратпайлы дешсе, кодекстерди оңдоп-түздөп, абалды жөнгө салгандай эл менен диалогго барышы керек. Болбосо, абал башка нукка өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Төлөгөн Келдибаев, серепчи:

-- “Кемпир-Абадды коргоо комитетиндегилер акталышты. Алардан кооптонбой деле койсо болот. Азырынча бийликке каршы иш-чара деле өткөрүшпөйт. Анткени, жаш “кемпирабадчылардын үй-бүлө мүчөлөрү, туугандары нааразычылык акцияларын уюштурганга каршылык кылышат. Ал эми орто жашап жана улгайып калгандарынын беш-алтыдан оорулары бар. Убактылуу кармоочу жайлардын шарттарынын оордугу, стресс алардын эски дарттарын күчөткөнү белгилүү. Диета кармап, таза аба менен дем алуу керек. Түрмөдө күн нурунун жетишсиздиги, жаткан жерлеринин сыздыгы алардын ден соолуктарына бир топ зыянын тийгизди да. Ошондуктан “кемпирабадчылар бир топ мезгилге чейин ден соолуктарын калыбына келтирүү жана чыңдоо менен убакыт өткөрүшөт. Эми Кемпир-Абадды талашкан менен пайда жок. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек аралары өзгөрдү, Кемпир-Абадды Өзбекстандын чек ара кызматы кайтарууга алды.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер