Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Афганистандан Борбор Азияга, андан ары Казакстан, Россияга кеткен наркотрафикти ким карайт?”

Артур Медетбеков, коомдук ишмер: “Афганистандан Борбор Азияга, андан ары Казакстан, Россияга кеткен наркотрафикти ким карайт?”

25-ноябрь, 12:00
577 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы менен Афганистандан Россияга өтүп турган наркотрафик жолу кимдин көзөмөлүнө өтөт деп ойлойсуз?

-- Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда жок кылынышы менен көптөгөн суроолор болуп атат. Анын ичинде “Афганистандан Борбор Азияга, андан ары Казакстан, Россияга кеткен наркотрафик, наркожолдор кимде болот, ким карайт?” деген жагы бар. Көлбаевге чейин, Көлбаевдин тушунда жана Көлбаевден кийин да бу жолдор болуп келген, боло бермекчи, улана турган иш болуп калды. Биринчиден, наркотрафик же наркотик менен шугулданган адамдар Кыргызстан тарабынан өзгөчө укук коргоо органдарынын же болбосо ыплас иштеген чек ара кызматкерлери аралашып наркотрафик жолдорун мурунтан түзүп коюшкан. Ошон үчүн муну менен күрөшүү өтө кыйын. Экинчиден, бүгүнкү күндө наркотик менен алек болгон мамлекеттер аралык уюшулган кылмыштуу топ же топтун мүчөлөрү укук коргоо органдарынын жана чек ара кызматкерлери менен кайсы бир деңгээлде байланыштары жок эмес. Үчүнчүдөн, Камчы Көлбаевдин жок кылынышы менен Кыргызстандабы же чет мамлекетте жүргөн, наркотик менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөсү биз айтып аткан наркотрафик жолуна дайындалып, Кыргызстанга келбей эле сырттан көзөмөл кылса боло турган жолдорун издениши мүмкүн. Себеби, мындай мисалдар КМШ өлкөлөрүндө болуп келген. Бирок, “наркотрафик жолу азырынча токтоп турат” деп эч ким кепилдик бере албайт. Баңгизаттарды ташууда жогоруда айтып өткөндөй, ыплас иштеген укук коргоо же чек ара кызматкерлери жол берип, ал ишке аралашып калгандыктан, бир башчысы кетсе, башкасы келип, булардын чоң каналдары иштеп турат. Ал эми жанагы чакан топтун “курьерлеринин” кармалышы реалдуу көрүнүш болуп калган.  


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер