Таштап кеткен жигитимди издеп, үйүнө бардым
Жигит менен сүйүп калгыча сүйлөшүп деле көрбөптүрмүн. Тескерисинче, менин артымдан чуркашчу. Анан эле капыстан бирөө менен таанышып, көпкө сүйлөшүп калдык. Аны кантип жактырып калганымды өзүм да билбейм. Ал болсо мени менен жөн гана убакыт өткөрүп, сүйлөшүп жүрүптүр, сөйкө салдырып койгон кызы бар экен. Мени таштап кетти.
Биз эми сүйлөшпөй калдык. Кылган ишимдин маанисин билбей, сөзгө түшүнбөй, тирүү эмес, же өлүк эмес болуп эле жүрүп калдым. Күнүм өтпөй, саатым жылбай кыйналдым. Башым айланып, кеч кирсе эле үйүн көздөй барчу болдум. Өмүрү көрбөгөн үйүн биринчи барган күнү эле таап бардым. Сыртынан гана карап, ойлорго чулганып, көпкө отурдум. Өткөн күндөр, анын сөздөрү кулагыма жаңырат. Көзүмөн жаш сызылат. Телефонумду тиктеп, андан кабар күткөнүм күткөн. Жашоо маңызсыз, кызыксыз болуп, кантип убакыт өткөрүп, кантип унутушту билбей калдым. Сүйүү деген ушундай беле?
Дилбар
"Азия Ньюс" гезити