Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн учурлар бар”

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн учурлар бар”

24-ноябрь, 20:46
428 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Максатбек Канатбекович, комитеттин отурумунда сиз “тез жардам” кызматынын кабыл алуу бөлүмдөрүнө участкалык милиционерлерди бекитип берүүнү сунуштадыңыз. Бул кандай зарылчылыктан улам?

-- Мен ар кандай себептер менен “тез жардамдын” кабыл алуу бөлүмүнө барган учурда дарыгерлер көп көйгөйлөрдү айтышат. Алардын ичинен эң орчундуусу – бул дарыгерлердин, оорулуулардын коопсуздугу. Жашы улгайып калган аял кишилерге кол көтөргөн учурлар болот экен. Ошондон улам “мурда бизге милиционерлер келип, күндүзү болбосо да түнкүсүн биз менен кошо нөөмөткө турушчу. Алардын турганы көп чыр-чатактардын алдын алып, бизге жардамы тийчү эле. Азыр да ошол практиканы кайра калыбына келтирсе жакшы болот эле” деген сунуштарын айтышты. Ошондуктан, мен ал жердеги врачтардын үнүн угуп, алар кандай шарттарда иштеп жатышкандарына көңүл бурушубуз керек деген ой менен бул маселени комитетте көтөрдүм. Ал жерде ички иштер министринин орун басары да отурган болчу. Аларга кулак кагыш иретинде айттым. Буга чейин “тез жардамдын” дарыгерлерине кол көтөргөн эки-үч учур катталган экен. 

-- Бул сунуштуңузду ишке ашыруу кошумча каражат талап кылса керек?

-- Жок. Эч кандай кошумча каражат талап кылынбайт. Себеби, бизде күзөт кызматы деген бар. Алар ар кайсы банктарда, мекемелерде нөөмөттө турушат. Андан тышкары, участкалык милиционерлер бар. Ошолорду эле кезек-кезеги менен коюп койсо болот. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер