Титано-магнетитти иштетүүгө ашыгып, торийди жок кылып алуу коркунучу жаралбайбы?
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Нурланбек Тургунбаевич!
Акылбек Үсөнбекович!
Сиздерге кайрылуумдун себеби, массалык маалымат каражаттарында жайгаштырылган Кызыл-Омпол кенин иштетүү жөнүндөгү жагдай себеп болууда. Тактап айтканда, Кызыл-Омпол кенинде жайгашкан титано-магнетит рудасы боюнча сөз болмокчу. Анткени Кызыл-Омпол кенинде төмөндөгүдөй кендердин түрлөрү орун алган: уран, торий, титано-магнетит, цирконий. Бул кендер өз-өзүнчө жайгашкан эмес, алар аралашма түрүндө (комплексная руда) бирдиктүү кен катары айтсак болот. Ошол себептен титано-магнетит рудасын иштетүү учурунда сөзсүз түрдө жогоруда аталган кендер дагы чогуу казылып алынат. Мындай шартта өлкөбүздө кабыл алынган уран менен торийди казып алууга жана иштетүүгө тыюу салынган мыйзамдын күчү кандай болуп калат? Демек, биз биринчиден, мыйзамдуу талаада иш алып барышыбыз керек экендиги талашсыз сөз. Ошондуктан тоо-кен адиси катары өз пикиримди билдирсем, ал төмөнкүдөй:
Биринчиден, биз кыргыз жергесинде жайгашкан элдин байлыгы болгон кендерибизди экономикабыздын өсүшү үчүн сөзсүз түрдө иштетишибиз керек, ал талашсыз нерсе, бирок ошол эле мезгилде мыйзамдуулукту, экология жагдайларын эске алуу менен. Ал эми Кызыл-Омпол кени жөнүндө кыскача токтоло кетсем, бул кенде урандын болжолдуу кору 12,5 миң тонна, торийдин кору 29,2 миң тонна, титано-магнетит 13,9 млн. тонна, цирконий 287,6 миң тонна деп айтылган күндө да, бир гана Кызыл-Омпол кенинин бир эле Таш-Булак участкасында чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында урандын кору 3,5 миң тонна, торийдики 8,4 миң тонна, титано-магнетиттики 1,6 млн тонна, цирконийдики 34 миң тонна катары эсептелген. Жогоруда айтылган кендердин жалпы корун тактоо үчүн кошумча акча каражатын жумшап, чалгындоо иштерин жүргүзгөндөн кийин гана айта алсак болот. Биз жогорудагы тастыкталган цифраларга таянып эмне деп айтсак болот? Биринчиден, өзүнчө титано-магнетитти иштетүү мүмкүн эмес, себеби бул кен “комплексная руда” болуп эсептелинет. Экинчиден, 1,6 млн. тонна титано-магнетитти казып алып иштетүү экононмикалык терс көрсөткүчтөргө алып келет. Үчүнчүдөн, аралашма түрүндө казылып алынган уран, торий, цирконий кендерин кайсы жакка жайгаштырабыз? Бул кендердин баалуулугу кандай болот? Төртүнчүдөн, Кызыл-Омпол кенин иштетебиз деген маселе жаралса, анда албетте Таш-Булак участкасынан башташат, бул участка Кубакы белинде жайгашкан. Кээ бир пайда болуп турган жагдайларды дагы эске алсак, бул участоктон жогорку чыңалуудагы ЛЭП линиясы өтөт, аны көчүрүү маселеси жаралат. Автомобиль трассасын дагы жылдыруу маселеси турат. Бул эки маселе кошумча кыйынчылыктарды жаратпайбы? Бешинчиден, бул кенди жеринен иштетип, даяр продукцияны алууга мүмкүн болбогондон кийин, иштете турган – алынган сырьену Кара-Балта кайра иштетүү комбинатына чейин тартып келип, комбинатта иштетип, калдыктары Кара-Балта шаарынын жанындагы калдык сактоочу жайга (хвостохранилище) жайгаштырылышы керек болот. Бул учурда экология маселесин кантебиз? Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, ой-пикиримди төмөнкү сөздөр менен толуктайт элем.
1. Бул кенди иштетүү уран-торий кендерин иштетүү мыйзамын жокко чыгарууну талап кылат;
2. Негизинен Кызыл-Омпол кени Ысык-Көл биосфералык аймагына кирип калганына байланыштуу бул кенди биосфералык аймактан чыгаруу муктаждыгы пайда болот;
3. Бир эле Таш-Булак участкасын иштетүү экономикалык терс көрсөткүчтөрдү алып келиши мүмкүн;
4. Кызыл-Омпол кенине толугу менен чалгындоо жүргүзүп, корун аныктагандан кийин гана келечекте иштетүү маселеси коюлушу керек;
5. Кызыл-Омпол кенинде жайгашкан торий элементи келечекте баарынан баалуу болуп эсептелинет. Себеби, торий уранга караганда аз радиоактивдүүлүгү менен айырмаланып, келечектеги энергия өндүрүүнүн чоң булагы болуп таралып калышы мүмкүн. Анткени, азыркы мезгилде Америка, Индия, Кытай, Россия мамлекеттери торийди пайдалануу багытында көп иштерди алып барууда. Мисалы, Америкада эксперименталдуу түрдө автомобилди жүргүзүүдө торий элементин пайдаланышкан. Жыйынтыгында 8 грамм торий менен автомобилди 100 жыл айдаса болорун аныкташкан. Кошумча такталган көрсөткүчтөргө көңүл бурсак, 200 тонна уран же 3 млн. тонна көмүр бөлүп чыгарган энергияны 1 эле тонна торийден алуу мүмкүн экен, же 1 эле грамм торий 28 миң литр бензин бөлүп чыгарган энергияга тете экен. Демек, бул жагдайды эске алсак, эң негизги келечектин кени болуп торий эсептелинет. Мындай шартта титано-магнетитти иштетүү үчүн торийди жок кылып алуу коркунучу жаралбайбы? Же титано-магнетитти иштетебиз деп торий менен уранды иштеткен компания өз кызыкчылыгы менен арзан алып кетип калбайбы?
Кайрылуумдун акырында бул маселеде тоо-кен тармагын түшүнгөн, дасыккан адистерди катыштырып чечим кабыл алуу зарыл деген пикиримди билдирмекчимин.
Сиздерди урматтоо менен
Дүйшөнбек Камчыбеков, тоо-кен инженери, техника илимдеринин доктору, КР өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкери
"Азия Ньюс" гезити