Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыктыбек Арстанбек: "Райымбек Матраимовго "Даңк" орденин бериш керек"

Мыктыбек Арстанбек: "Райымбек Матраимовго "Даңк" орденин бериш керек"

15-апрель, 18:22
1 226 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго орден бериш керек. Мындай пикирин коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек Супер-инфонун Галстуктар долбоорунда билдирди.

Анын айтымында, Матраимовдун аткарган иштери элдин жашоосун жеңилдетип жаткан.

"Менин Райымбек Матраимов менен эч кандай байланышым жок. Анын эмнеси бар, эмнеси жок экенин деле билбейм. Кадимки эле маалымат керектөөчүнүкүндөй маалыматка ээмин. Бирок коомдун бир аманаты бар, эркек киши адилеттүү болушу керек. Адилеттүүлүк - бул биз үчүн бир жумуш. Маселе Матраимовдо эмес. Ал өзү байкадыбы, байкабадыбы билбейм, ниети кандай болгонун да билбейм, бирок ал элге жакшы кызмат кылып берип жаткан. Туура эмес болсо да анын түзгөн системи элге жардам берип жаткан. Бул ошол доордун бир кубулушу, биз аны кабыл алышыбыз керек.

Матраимов өзү ким болсо болгондур, бирок анын кылган иши чындыгында элдин жашоосун жеңилдетип жаткан. Ал кылмышкер болсо мейли, анда аны жазалайлы. Бирок анын түзүп койгон системасын мамлекетке алып иштетпейлиби? Мен мына ушуну айткым келген.

Анан дагы бир нерсени айта кетиш керек. Райымбек Матраимовго "Даңк" орденин бериш керек, эгер ушул системди өзү курган болсо. Бажы кызматынын төрагасы эмес, орун басары болуп туруп, ушуну өзү куруп койсо, анда ал гениалдуу адам экен. Мындай баланы биз төбөбүзгө көтөрүшүбүз керек эле. Менимче, өзү жалгыз эмес, көпчүлүк менен курган болуш керек. Болгону анын гана аты чыгып калды", - деди Мыктыбек Арстанбек.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер