Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 20 жыл мурун жоголгон апасы кыздын кайненеси болуп чыкты

20 жыл мурун жоголгон апасы кыздын кайненеси болуп чыкты

07-апрель, 19:51
2 278 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайда үйлөнүп жаткан баланын энеси жаңы келген келин анын 20 жыл мурда жоголуп кеткен кызы экенин той өтүп жатканда билген. Бул тууралуу Oriental Daily басылмасы жазды.

Өзгөчө окуя Кытайдын Сучжоу шаарында болгон. Салтанаттуу азем учурунда аял келининин колундагы калды байкап калган. 20 жыл мурда дайынсыз жоголуп кеткен кызынын колундагы белги дагы дал ошондой экени айтылат. Шек санаган аял келининин ата-энесинен “өзүңөрдүн эле кызыңарбы?” деп сураган. Алар жаап-жашырууну туура эмес көрүп, 20 жыл мурда жол боюнан кичинекей кызды таап алып, багып алышканын билдиришкен. Келин кайненеси аныгында анын өз апасы экенин билгенде, кубанганынан ыйлап жиберген. Көптөн бери эле өз туугандарын тапкысы келип жүргөн кыз акыры тилегине жеткен.

Бул окуя үлпөт тойду токтото алган эмес. Себеби, кызын жоготкон аял кийин бала багып алганы белгилүү болгон. Башкача айтканда, кыз менен баланын ата-энелери башка экени айтылды.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер