Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айылдыктарды кемсинткен Роза Отунбаева экс-президент макамына татыктуу эмеспи?

Айылдыктарды кемсинткен Роза Отунбаева экс-президент макамына татыктуу эмеспи?

04-декабрь, 20:40
626 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-президент Роза Отунбаева акыркы кездери элдин кыжырын келтирген аракеттерди жасап, бүтүндөй улутту айылдык жана шаардык кылып экиге бөлө баштады. Алгач анын Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги аялдардын укугуна арналган жылаңачтанган көргөзмөнү колдоп, ага катышканы нааразычылыкты жараткан болчу. 

3-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачарында болсо, айылдыктарды “маданиятсыз, мырктар” деген маанайда сөз сүйлөп, уяттуу жерлерин көрсөткөн көрүнүштү маданияттын туу чокусуна теңеди. Отунбаева эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү жасап жатат? Анын максаты эмне? Чынында мамлекеттин коргоосуна алынган, 100 миң сомдой пенсия алып турган, элди башкарган адам мындай сөздү айтпашы керек болчу. Айылдыктарды маданиятсыздыкка теңеп, аларды “мырктар” дегени кандай? Улуттук музейге ич кийимдерин илип, дырдай жылаңачтанып, кыргыз кыздарын абийирсиздикке чакыргандарды коргогону эрдикпи? Отунбаева маданияттын туу чокусу катары ушундай уятсыздыкты түшүнөбү? Айылдыктарды кемсинтип, элеттен чыккан уюткулуу элди малга теңегенге ким уруксат берди? Кыргыздын каада-салты, көрөңгө маданияты элетте сакталып калганын Отунбаева билип алсын. Нукура кыргыз тили да айылдарда баарлашуунун куралы болуп, абийирдүү, ден соолугу чың, улуттун уңгусу болгон муун кыштактарда калыптанып жатат. Айтылган сөз, атылган ок деп коет кыргыз эли. Роза Исаковна ооздон жаңылды. Эми ал кечирим сурап гана кутулбашы керек. Мындай кадамы үчүн керек болсо, экс-президент макамынан ажырап калбайбы?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер