Жеңиш Жоробеков өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна өзгөчө көңүл бөлүүдө

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Жеңиш Жоробеков көп багыттуу иштерди алып барууда. Алардын баарына токтолуп отурсак, гезит бети толуп кетчүдөй. Андыктан, соңку учурдагы гана жасалган иш-аракеттерине азыноолак токтололу.
Эске салсак, Жеңиш Жоробеков аталган кызматка келгичекти мектеп бүтүрүүчүлөр кортеждер менен көңүл ачууга чыгышып, ар кандай кырсыктарга кабылышчу. Башта көзөмөл ойдогудай эмес эле. Ал эми азыр кеп башка. Жеңиш мырза акыркы коңгуроо күнүнө өзгөчө көңүл буруп, алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мурдагыдай кайталана турган автоээнбаштыктарды токтотту. Ошого жараша кырсыктар да катталган жок. Бул саам бүтүрүүчүлөргө карата коопсуздукту алдын алуусу жогорку деңгээлде жасалды. Айтмакчы, Казакстандагы окуучулардын топтошкон авариясын көрдүк го...
Мындан сырткары, Жеңиш Жоробеков мектеп окуучуларын мекенди сүйүүгө үндөп, патриоттук сезимдерин козгоп, үлгү ала турган саамалыктарды өткөзүүдө. Өспүрүмдөрдү ар кандай жол кырсыктарынан сактоо аракетинде таалим-тарбиялык иш-чаралар байма-бай өтүп келет. Соңку убактарда карапайым элибизден тартып, депутаттарга чейин жолдо жүрүүнүн эрежелерине көңүл бурушуп, кадимкидей ыраатка салынып, тартип калыптанууда. Жалпы айдоочулар арасында жол эрежелерин жаттоо кадыресе ишке айланып, жоопкерчилик жагы байкала баштады.
Ириде Жеңиш Жоробеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына жетекчи болуп келгени бала бакча, мектептерге өзгөчө көңүл бурганы коомчулук тарабынан алкоого алынууда. Натыйжада, өспүрүмдөрдү кырсыктардан сактоо аракеттерин баамдап атабыз. Аныгында, асыл ой, ак эмгектен жаралган иштин жыйынтыгы да оң натыйжаларды берүүдө.
"Азия Ньюс" гезити