Дүйшөнбек Камчыбеков: “Жетим-Тоо кенинен 100 миллиард доллар пайда тапсак болот”

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков өлкөдө геологиялык чалгындоолорго маани берилбей жатканын белгиледи. Анын айтымында, тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүк союз учурундагы маалыматтардын негизинде жүргүзүлүүдө.
-- Кыргызстан кен байлыктарга бай өлкө экени маалым. Жогоруда айтылгандай, ири инвесторлор дагы тоо-кен тармагына көп келишет. Мындан башка энергетика жана башка тармактарды да белгилесек болот. Бизде экономиканын кыймылдаткычы ушул тармак да. Бүгүнкү күндө геологиялык чалгындоо иштери кандай жүрүп жатат? Алгылыктуу жагын айтсаңыз? Лицензия берүү маселелери кандай? Жеке компаниялардын абалычы?
-- Тоо-кен тармагы экономиканын локомотиви болуп саналат. Алсак, 2019-жылы аталган тармактан бюджетке 13 миллиард, 2020-жылы 19 миллиард, 2021-жылы 23 миллиард, 2022-жылдын алты айында 26 миллиард сом түшкөн.
Тоо-кен тармагы бюджеттен бир дагы сом албайт, бирок экономикалык жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Эми ошол көрсөткүчтөр эмненин негизинде пайда болууда? Союз убагында чалгындалган кендердин базасында бүгүн Кыргызстанда 2,5 миңге жакын лицензия алгандар бар. Алар алтындан тартып, кум, шагылга чейин, андан тышкары, иче турган, дарылана турган сууларга чейин геологиялык изилдөөлөрдүн негизинде табылып, бүгүнкү күндө экономикабызда биздин эле ишкерлер эмес, чет өлкөдөн келген бизнесмендер да өз иштерин жүргүзүп жатат десек болот. Мисалы, ошол жылдары изилденген Кумтөр, Жерүй, Талды-Булак, Макмал, Солтон-Сары жана башка алтын кендер, мындан тышкары, көмүрдүн түрлөрү, сейрек кездешүүчү металлдар бар.
Учурунда бизде Эгембердиев Самыйбек деген геология тармагын көп жыл башкарган адам “бүгүнкү күндө ичкен суубуздан тартып, салган тамдарыбызга чейин, көз жоосун алган кашык, вилка, фарфор идиштерибизге чейин геологдор аркылуу табылган эмгектер” деп айтып калчу. Мунун баары геологдор изилдеген материалдардан пайда болот. Андан сырткары, бүгүнкү күндө өтө керектүү алюминий сырьелору да бар, келечекте инвесторлорду тартып, жакшы иштете турган болсок, экономикага чоң салым кошо турган кендердин бири.
Акыркы кездери “темир кендерин иштетсек болот эле” деп айтып жүрөбүз. Ошол эле Нарын жергесинде жайгашкан Жетим-Тоо темир кени бар. Ал жерде болжолдуу кору 3 миллиарддан ашык, магнетит, гематит деген темир түрлөрү бар. Ага да чалгындоо иштерин жүргүзүп иштетсек, экономикабызды көтөрүп, Кытайдан, тышкы карыздан кутулууга да шарттар түзүлөт эле.
Эми мунун көбү союз учурунда изилденип, чалгындалган. Ал убакта жетиштүү каражат бөлүнүп, чалгындоо иштерине керектүү курулуш материалдар келип турчу. Геологиялык экспедициялар жүргүзүлүп, ага керектүү жабдыктарды даярдаган завод бар эле. Ошол кезде бюджеттен бөлүнгөн каражаттын суммасы болжолдуу 100 миллион сомго жетчү. Ал кезде Бишкектин ичинде салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр дагы геологдор башкармалыгы аркылуу салынган. Союз тарагандан тартып 2021-жылдарга чейин бизде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзө турган төмөндөгүдөй структуралар болгон:
Түндүк региону боюнча чалгындоо иштерин жүргүзүүгө “Түндүк-Кыргыз” геологиялык экспедициясы, “Түштүк-Кыргыз” геологиялык экспедициясы, дагы алсак, “Гидро-Кыргыз” геологиялык экспедициясы. Андан тышкары, заводубуз бар эле. Ал заводдун негизинде өзүбүздүн эле чоң геологияга керектүү машиналарды камсыз кылып, кошуна өлкөлөр кайрылып турушкан. Мындан тышкары, ар бир экспедиция чет элдик жана жергиликтүү компаниялар менен иштешип, 40-50 миллион сомго чейин кошумча каражат табышчу.
-- Бүгүн бул экспедициялар кандай иш жүргүзүшүүдө?
-- 2021-жылдан тартып экспедициянын баары "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасына бириктирилген. Алар геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда бул үчүн болгону 22 миллион сом бөлүнөт, ал дагы толук төлөнүп бүтө элек. Бул каражатка ири масштабдуу чалгындоо иштерин жүргүзүү мүмкүн эмес. Мисалы, жер астындагы сууларды изилдеген экспедиция бар, бирок аларга тийиштүү каражат бөлүнбөсө кандай болот? Толук кандуу иштер болобу, болбойбу? Буга чейин ӨКМ менен биргеликте суу каптоо кооптуулугун изилдеп турушчу, учурда бул жагы да ойлонтууда. Мисалы, жолго байланыштуу же жол кырсыктарга каршы иштер дагы жүргүзүлүп келген.
Мурун биздин экспедиция акчанын кенендигине байланыштуубу, Нарын жергеси бир эле Кабак көмүр кенинде жайгашкан Кара-Кече, Миң-Куштун айланасындагы көмүр кендерин пайдаланып, жылуулук маселеси чечилип келген болсо, Ат-Башы, Ак-Талаа эли деле Кара-Кечеден көмүр алып келген. Ошол маселелерди карап, “Түндүк-Кыргыз” геологиялык экспедициясынын жардамы менен Ак-Талаа менен Ат-Башыга чектеш Турук көмүр кени ачылган.
Бүгүнкү күндө “Кыргызгеология” өз аракеттерин жүргүзүп жатат десек болот. Лицензиялары деле бар. Геология тармагына жакшы көңүл буруп, каражат маселелерин чечпесек, союз учурунда изилденген кендердин кору 10-15 жылда бүтүп калат. Ошондо биз келечекти кандай түзө алабыз? Буга кошумча, геология тармагын өзүнчө бир деңгээлде статус, улуттук макам берип, иш алып бара турган маселени коюшубуз шарт.
Бийлик тарабынан деле “Жетим-Тоо темир кенин иштетүү керек” деген жакшы сунуштар айтылып жатат. Биз – адистер колдоп жатабыз. Чалгындоо иштерин жүргүзүп алып иштетсек, ал жерде болжолдуу кору 3,5 миллиард тонна. Ошонун жок дегенде 2 миллиард тоннасын чалгындоо иштеринин негизинде аныктап, баланска коюп алсак болот. Анын арты менен темир жол салып, ал жакка электр энергиясын тартып барсак, чыгымдан тышкары эле 100 миллиард доллардай пайда тапсак болот. Мындан улам келечектеги өнүгүүбүзгө, тышкы карыздан кутулууга шарттар түзүлүп жатпайбы! Аны иштетели десек, Нарындын өзүнүн коругу бар. Жетим-Тоонун 7 участогу болсо, 3 участогу коруктун ичине кирип калган.
-- Аны чыгарыш үчүн кандай чечим кабыл алуу керек?
-- Бүгүнкү күндө геология тармагы экология министрлигинин алдында. Мисалы, экологдор ал жерди “сөзсүз түрдө корук болуш керек” деп жатышат. Биз болсо “адистер иштетиши керек” дейбиз. Баардыгы бир мекемеде болуп турса, кантип маселе чечилет? Ошондуктан экология өзүнчө мекеме болушу абзел. Ошондо иш алып барууга шарттар түзүлөт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити