Акыркы кабарлар
» Коом » Белгилүү орусиялык балбан аскадан кулап кетип каза болду
Белгилүү орусиялык балбан аскадан кулап кетип каза болду
25-июль, 16:59

Эркин күрөш боюнча Орусия чемпиондугунда коло байге уткан балбан Ахмед Жилетежев Кабардин-Балкариядагы Бука-Башы тоосуна чыгуу учурунда каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.Маалыматка ылайык, 19 жаштагы спортчу туристтер тобунун курамында Бука-Башы тоосуна 2500 метр бийиктикке чыккан. Анда ал тең салмактуулугун жоготуп, аскадан кулап кеткен. Куткаруучулар анын жансыз денесин табышкан.
Ахмед Жилетежев Кабардин-Балкарияга машыгуу лагерине келип, бош убактысында достору менен тоого чыгууну чечкен.
Ахмед Жилетежев ушул жылы Орусия чемпиондугунда 70 килограмм салмакта коло байгеге ээ болгон.











