Акыркы кабарлар
» Коом » “Билайн” компаниясынын башкы директору коронавируска кабылды
“Билайн” компаниясынын башкы директору коронавируска кабылды
15-июнь, 12:37
348 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектеги Sky Mobile компаниясынын бир нече кызматкерлерине (Beeline бренди) COVID-19 диагнозу коюлду. Бул тууралуу компаниянын PR кызматынан кабарлаганын 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Ооругандардын арасында компаниянын башкы директору Евгений Кражан да бар. Азыр бардык кызматкерлер обочолонуп, дарыланып жатышат. Дарыгерлердин айтымында, алар өздөрүн жакшы сезип жатышат, оору жеңил өтүүдө.
«Компаниянын жетекчилиги мындай кырдаалга даяр болчу. Тилекке каршы, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, вирустан коргонуу мүмкүн эмес. 2020-жылдын март айынан баштап бизде инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу максатында атайын режим иштейт. Мындай кырдаалда бизде иштелип чыккан план бар, ага ылайык, компаниянын кеңселеринде шашылыш түрдө кошумча алдын алуу чаралары көрүлөт” деди компаниянын PR директору Марина Ким. Буга катар, компаниянын өкүлү түзүлгөн кырдаалга карабастан ишкана өз калыбында иштей бере турганын билдирип, жарандарды коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.