Сентябрь айына салыштырмалуу коронавирус курчуп бара жатат
5-октябрга карата 207 жаңы учур, ал эми 4үндө – 244 жаңы учур катталган. Сентябрь айынын башына салыштырмалуу жаңы катталган учурлар көбөйүп жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, түштүк регионунда өсүү байкалууда. Бул саламаттык сактоо министрлигинин гана эмес, жалпы калктын да санитардык талаптарды сактоо боюнча тынчсыздануусун пайда кылышы керек: социалдык аралыкты сактоо, беткап режими, адамдар көп чогулган жерлерден качуу.
Ал вирус аба-тамчы жолу менен берилип, бир нече сааттын ичинде эле бөлмөдө болуп, жуктуруп алуу тобокелдиги жогорулатылгандыгын эске салды. Ошол эле учурда, азыр сасык тумоо жана ОРВИ сезону байкалууда. Санитардык эрежелерди сактоо жана сергек жашоо образын алып баруу маанилүү экендигин айтты.