Сүйлөшкөн кызымдын жашыруун видеолорун көрүп, айлам кетти...
Аялым менен он беш жыл жашадым. Күтүүсүздөн эле ооруп, каза болуп калган. Үч баламды өзүм чоңойтуп жатам. Үч жылдан бери бойдок жүрүп, бир кыз менен жарым жылдай сүйлөшүп, үйлөнүүгө ниет кылып жаткам. Кырктын кырына келгенде кайрадан түтүн булатуу да баштагыдай шар кетпейт тура. Сак-сактап. Сүйлөшкөн кызым менден 16 жаш кичүү. Жаңыдан көнүшүп, балдарым менен да тааныштырып, жашоону эми баштоого келгенде кызык көрүнүшкө кабылдым. Алинанын телефонун кокустан ачып калсам, галереясында ит-мышыктардын “кошулган” видеолору көп экен. Баарын карап чыктым да, айлам кетти. Эмнеге мындайларды чогултуп алган? Психикасы бузулганбы? Эми сыр бербей эле алыстап кетсемби? Же ачык сурасамбы? Ветеринарка болгону үчүнбү? Жумушуна байланыштуу ушул жагын изилдейби? Айтор, көп суроолор башымды жей баштады. Эми эмне кылсам? Көңүлүм кала баштадым...
Албек, окутуучу
Aryba.kg