Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстандыктар коронавирустан качан арыла турганы айтылды

Кыргызстандыктар коронавирустан качан арыла турганы айтылды

19-январь, 18:04
1 029 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирустун төртүнчү толкуну март айына барып токтойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, коронавирусту ооздуктоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эдил Байсалов парламентте билдирди. Өкмөт мүчөлөрү учурда депутаттарга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатат.

"Ооруканага жатууга муктаждардын жана катуу ооругандарды эмки жумадан кийин көрө баштайбыз. Бишкек, Ош шаарларында жуктургандар өсүп жатат. Эгер көбөйүп кетсе ооруканаларга кабыл ала алабызбы, күчүбүз жетпей калбайбы деген коркунуч турат. Биз азыр толкундун жогорку чегине чыктык. Илдет март айынын башы, орто ченине чейин уланат. Ошону менен коронавирустан арылабыз деген үмүт бар" деди Байсалов.

Ошондой эле ал "омикрон" штаммы табигый вакцинация болорун айтты. "Көп жерде "омикрон" штаммы келгени табигый вакцинация болору айтылып жатат. Баарыбыз ооруп чыксак, бири-бирибизди кыйнап ийне сайдыруу деген болбой калат. Ошону менен жамааттык иммунитет пайда болушуна шарт түзүлөт деп үмүттөнүп жатабыз" деди аткаминер.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер